Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест*: 25- апрель – 2-май, 2022-ж.

05.05.2022 • 06:58

Баарыңарга салам! 

Назарыңарга Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орчундуу окуялардын дайжестин сунуштайм. 

Кеттик анда!


 

Илим жана билим

Kaktus.media редакциясы маалымдагандай, Кыргызстанда билим берүү жөнүднөгү мыйзамынын долбооруна түзөтүүлөр киргизилүүдө. Талкууга болушунча көп адам катышуусу үчүн мыйзам долбоорунун өзүн жана негиздеме катын жарыялайбыз. Кененирээк:   https://kaktus.media/doc/459007_obsyjdaem_proekt_zakona_ob_obrazovanii._tekst_i_spravka_obosnovanie.html

Өлкөдөгү биринчи IT-мектеп "Келечек MIT" менен Kaktus.media  жеке мектептерди тандоодогу негизги он суроонун тизмесин иштеп чыгышты.                                                                                    Подробнее: https://kaktus.media/doc/459001_7_vajnyh_pravil_pri_vybore_chastnoy_shkoly.html

 

Kaktus.media редакциясы аныктап чыккандай, талкуудагы негизги тема Кыргызстандын мектептеринде 12 жылдык билим берүү системасын киргизүү болду. Бул маселе өзгөчө 2023-жылы мектепке бара турган балдардын ата-энелерин тынчсыздантууда.                                                                                                                             Кененирээк:   https://kaktus.media/doc/458686_live:_12_let_v_shkole._argymenty_za_i_protiv.html

 

Социум

COVID илдетине каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабынын жыйынынан кийин саламаттыкты сактоо министрлигине жана башка тиешелүү органдарга 2022-жылдын 1-майынан баштап милдеттүү түрдө УЧР-тестин же вакцинациядан өткөнү туурасындагы сертификатты талап кылууну алып салуу тапшырылды, деп билдирет  АКИпресс.

Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20220428/s-1-maya-dlya-vezda-v-kirgizstan-ne-ponadobyatsya-ptsr-testi-i-sertifikati-o-vaktsinatsii

Тажикстандын президенти 28-апрелде жумушчу сапары менен Хатлон облусунун Дангара районунда болуп, бир катар объекттердин ачылышына катышты, деп билдирет мамлекет башчынын басма сөз кызматы.                                                                                                    Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/power/20220428/emomali-rahmon-nahoditsya-v-dangare-chto-on-uspel-otkrit-v-etom-raione

 

Адам укугу

Жеке турак-жай куруу үчүн 10 сотых жер тилкесине ээ болуу үчүн учурда 1,5 миллион казакстандык кезекте туратт. Буга чейин 18,5 миң жаран жер алган. Эмне үчүн мынча аз? Бул туурасында 31-каналдын "Информбюро" программасында жер маселелери боюнча юрист Бакытжан Базарбек айтып берди.                                                                                           Кененирээк:   https://informburo.kz/novosti/bazarbek-nuzhno-vvesti-moratorij-na-priyom-zayavlenij-na-poluchenie-10-sotok-v-almaty-i-nur-sultane

Түркмөнстан бийлиги тарабынан көрүлүп жаткан калкты косметикалык кызматтардан баш тартууга жана сырткы келбетке кошумча көркөмдүк берүү амалдарынан баш тартууга мажбурлоо боюнча массалык чаралардын жүрүшүндө аялдар жазуу түрүндө тил кат жазып берүүгө милдеттендирилүүдө. Азатлык кабарчылары кырдаал боюнча маалымдашууда. Подробнее: https://rus.azathabar.com/a/31823330.html

Казакстандын президенти Конституциялык кеңешке өлкөнүн баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Мындай түзөтүүлөр өлкө калкына жасалган Кайрылууда айтылган саясий демилгелерди ишке ашыруу үчүн зарыл. Кандай нормаларды өзгөртүүнү каалап жатышат жана бул Казакстан элине эмне берет, ушул туурасында айтып беребиз.                                                                       Кененирээк:  https://informburo.kz/stati/vtoraya-respublika-kakie-popravki-v-konstituciyu-predlagayut-vnesti-i-cto-oni-izmenyat

Олий Мажлис Сенатында аялдардын укугун коргоо жана жашы жете электерге карата одоно аракеттерге баруу үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Мындай чечим Олий Мажилис Сенатынын 26-апрелдеги төрагасы Танила Нарбаева башында турган жыйында кабыл алынды, деп жазат парламенттин жогорку палатасынын басма сөз кызматы. Кененирээк: https://anhor.uz/news/group/

Экология                                                                                                                .                                                         Европа Биримдигинин (ЕБ), ЕБ мүчө-өлкөлөрүнүн жана Өзбекстандын мамлекеттик мекемелеринин  30 өкүлүнөн турган делегация  расмий сапары менен Каракалпакстан Республикасында болушту жана Арал регионун колдооо боюнча ЕБ милдеттенмелеринин алкагында БУУнун адамдын коопсуздугу боюнча көп өнөктөш трасттык фондунун жергиликтүү долбоордук аймактарын кыдырышты.  

 Бул туурасында Anhor.uz редакциясына делегациянын басма-с өз кызматы билдирген. Кененирээк:  https://anhor.uz/news/seedlings/

Маданият жана спорт 

5-майдан 8-майга чейин М. В. Фрунзе Музейинде аскер техникасынын көчүрмө моделдеринин тарыхый-техникалык көргөзмөсү өтөт.  Бул иш чара, уюштуруучулардын айтымында, Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиктердин урматына арналган. Кененирээк:  https://kaktus.media/doc/459162_v_bishkeke_proydet_vystavka_modeley_voennoy_tehniki_k_dnu_pobedy.html

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

 

Көрүшкөнчө! 

 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!


 

* Дайжестти түзүүдө окуу практикасынын алкагында Алуа Сатбекова көмөк көрсөттү

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.