Баарыңарга салам!
Назарыңарга Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орчундуу окуялардын дайжестин сунуштайм.
Кеттик анда!
Илим жана билим
6-апрелде Кыргызстан менен Европа Биримдиги “Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагында реформа жүргүзүү боюнча келишим” программасынын алкагында финансылык макулдаштыкка кол коюшту. Бул туурасында билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 5-апрелде өткөн кеңешмеде мектеп мугалимдерин жаңы методикалардын негизинде кайра даярдоо боюнча жалпы улуттук долбоордун башталганын жарыялады, деп билдирет мамлекет башчынын басма сөз кызматы.
Подробнее: https://www.gazeta.uz/ru/2022/04/05/new-method/
Социалдык тармактар аркылуу көз салып турууга мүмкүн болгон жаштар уюмдарынын тизмесин түздүк, алардын баракчаларында жаштар үчүн кызыктуу мүмкүнчүлүктөр жарыяланып турат. Айтмакчы, керектүү билимдерге ээ болуп, жаңы адамдар менен гана таанышпастан, бул жерде ыктыярчы болууга да мүмкүнчүлүктөр бар.
Социум
Өзбекстандын иш менен камсыз кылуу жана эмгек мамилелери боюнча министрлиги 2021-жылы өлкөдө эмгек укуктарынын сакталышына карата жүргүзүлгөн көзөмөл жөнүндө отчетун жарыялады, отчет Эл аралык эмгек уюмунун жардамы менен даярдалган. Эмгек нормаларынын аткарылышы боюнча биринчи жылдык отчет өткөн жылы түзүлгөн.
Отчетто Эмгек министрлигинин Мамлекеттик эмгек инспекциясы иши туурасындагы маалыматтар келтирилген, аталган мекеме иш берүүчүлөрдүн эмгек мыйзамдарын сактап жатканын көзөмөл кылган башкы орган болуп саналат.
https://www.gazeta.uz/ru/2022/04/06/labour-in-2021/
Казакстанда 11-апрелден баштап Казакстан жарандары, жарандыгы жок адамдар жана чет өлкөлүк жарандар үчүн Өзбекстан, Кыргызстан жана Россия менен чектешкен чек ара пунктарынан өтүүдөгү чектөөлөр алынды. Мындай чечим 6-апрелде эпидемологиялык кырдаал турукташканына байланыштуу Казакстанда коронавирустун таркашын алдын алуу боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан чыгарылды, бул туурасында Казакстандын премьер-министринин сайтында жарыяланган.
Подробнее: https://www.gazeta.uz/ru/2022/04/06/kz/
H&M жана Zara белгилүү кийим маркалары Өзбекстандын рыногуна кириши мүмкүн. Апрелде Өзбекстандык делегация бул жана башка модалуу бренддердин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, деп билдирет "Узтекстильпром" компаниясынын маалыматына таянуу менен Podrobno.uz . Бул сүйлөшүүлөр бир нече эл аралык белгилүү брендди бириктирген Cotton Campaign эл аралык коалициясы өзбек пахтасына жарыяланган бойкоттун аяктаганын жарыялаганына байланыштуу жанданууда, 2010-жылы пахта талаарында балдардын эмгеги жана эрксиз эмгектин пайдаланышына байланыштуу өзбек пахтасына бойкот жарыяланган. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20220408/hm-i-zara-mogut-ofitsialno-zaiti-na-rinok-uzbekistana
Адам укугу
Түркмөн жана түрк укук коргоочулар Түркмөнстандагы адам укугуна байланыштуу маселелерди талкуулашты. Стамбулда 1-апрелде семинар өтүп, анда түркмөн актививсттери “Түркмөн Хельсинки Фондусунун” жамрдамы менен даярдалган соңку 30 жыл ичиндеги Түркмөнстандагы адам укугуна байланыштуу кырдаал туурасында обзор сунушталды.
Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31784772.html
Экология
7-апрелде планета Дүйнөлүк саламаттык күнүн белгиледи. Быйыл бул дата “Биздин планета, биздин саламаттыгыбыз” деген темага арналды, ал эми бул иш чара саламаттыкты сактоо жаатына байланыштуу болгон климаттык кризиске басым жасады. Дүйнөлүк саламаттык күнүн белгилөөнүн алкагында Бишкекте дарак отургузуу жана таштандыларды чыгаруу боюнча акция уюштурулду. Ага борбор калаанын тургундары, саламаттыкты сактоо министрлигинин, маданият министрлигинин, ИИМдин баңги затын мыйзамсыз соодалоого каршы кызматынын, Бишкек мэриясынын, Кызыл жарым ай коомунун, БУУ агенттиктеринин жана КР дагы чет өлкөлүк элчиликтердин өкүлдөрү катышышты. Кененирээк:
Ташкенттеги Улуу Британиянын элчиси Тим Торлоу Alter Ego аттуу YouTube-долбооруна берген интервьюсунда Өзбекстандагы жана дүйнөдөгү экологиялык кырдаал туурасында жана кесепеттерди жумшартуу чаралары боюнча айтты.
Кененирээк: https://www.gazeta.uz/ru/2022/04/04/climate-change/
Биз менен болгонуң үчүн рахмат!
Көрүшкөнчө!
P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!
* Дайжестти түзүүдө окуу практикасынын алкагында Алуа Сатбекова көмөк көрсөттү