Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Борбор Азия жаңылыктар түрмөгү: 25-31 август, 2020-жыл

01.09.2020 • 05:30

Социум

Тажикстан. Душанбеде карган энесине акарат келтиргени үчүн шаар тургуну камакка алынды. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/laworder/20200828/za-oskorbleniya-svoei-pozhiloi-materi-arestovan-zhitel-dushanbe

Түркмөнстан. Лебап велаятынын Фарап районунун жашоочуларын азык-түлүк саткан мамлекеттик дүкөндөрдө президент Гурбангулы Бердымухамедовдун сүрөтүн сатып алууга мажбурлап жатышат. Мындай сатып алууга ким жана  эмне үчүн мажбурлап жатканы туурасында бул жерден окугула: https://rus.azathabar.com/a/30807010.html

 

Билим берүү

Казакстан. БУТ (ЕНТ) өткөрүлгөн аудиторияларга коюлган камералардын видеолору иликтенип бүткөн соң 158 абитуриенттин экзменинин жыйынтыктары жокко чыгарылды. Мындан тышкары, күзөттө турган мугалим абитуриентти камерадан калкалап калганда, ал жооп-китепчени сүрөткө тартып алганы тастыкталган. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/posle-izucheniya-video-s-kamer-nablyudeniya-rezultaty-ent-158-abiturientov-annulirovali.html

Түркмөнстан. Түркмөнстан бийликтери өлкө аймагында короновирус менен ооругандар катталган жок деп ынандырып келишет. Ушул эле убакта өлкөнүн чыгышында Ашхабаддын ЖОЖдоруна тапшырган студенттерден  COVID-19 боюнча тест алып, карантинге киргизип жатышат. Ашхабадда жаңы окуу жылынын алдында мектеп окуучуларынан ден соолугу туурасында маалымкат алып келүүнү талап кылышууда. Ал ортодо, велаяттар ортосундагы транспорттук каттам чектелгендигине байланыштуу, жергиликтүү тургундар борбор калаага жетүү үчүн айланма жолдор менен, кээде мыйзамсыз жолдор аркылуу жетүүгө аргасыз болууда.  Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/30805738.html

Түркмөнстан. Түркмөнстандын мектептеринде сабактардын саатын кыскартып жата пенсия жашындагы мугалимдерди жумуштан кетирип жатышат. Бийлик эмне үчүн мындай кадамдарга барып жатканы туурасында бул жерден окугула: https://rus.azathabar.com/a/30804114.html

Кыргызстан. Жалпы билим берүү мектептердин жогорку класстары жана КРнын экономикалык эмес билим берүү мекемелеринин студенттери жаңы окуу жылынан жаштап салык мыйзамдары боюнча билим ала алышат. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматы боюнча, окуучулар окуу форматын өзүлөрү тандай алышат: онлайн түрүндө же билим берүү мекемелеринде заманбап каражаттарды жана технологияларды, компьютерлерди, смартфон жана башка гаджеттерди пайдалануу менен оффлайн режиминде билим алууга болот. Кененирээк:   https://24.kg/obschestvo/163347_starsheklassniki_snovogo_uchebnogo_goda_smogut_poluchat_znaniya_ponalogam_onlayn/

Өзбекстан. Збекстанда ата-энелердин 76 пайызы мектептердин ачылышы үчүн добуш беришти. Билим берүү министрлиги ата-энелердин арасында жаңы окуу жылында мектептерди ачуу керекпи же онлайн окуутуу улантылышы керекпи деген маселе боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгын чыгарды, деп билдирет . Сурамжылоого 1-11-класстардын окуучуларынын 5,5 миллион ата-энеси катышкан. Бул жалпы мектепке барган балдардын ата-энелеринин 89% түзөт. Сурамжылоо туурасында кененирээк бул жерде: https://podrobno.uz/cat/obchestvo/v-uzbekistane-76-protsentov-roditeley-progolosovali-za-otkrytie-shkol-/

 

Коронавирус

Казакстан. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска каршы казакстан вакцинасын клиникалык жактан сыноого расмий түрдө уруксат берди. Вакцинаны Казакстан Республикасынын билим жана илим министрлигинин илим Комитетинин биологиялык коопсуздук боюнча илимий-изилдөө инстититунун адистери иштеп чыгышкан. Макаланын шилтемеси бул жерде: https://informburo.kz/novosti/voz-oficialno-dopustila-kazahstanskuyu-vakcinu-protiv-covid-19-k-klinicheskim-ispytaniyam-110597.html

 

IT

Түркмөнстан. Түркмөнстан бийликтери блок коюлган сайттарга кирүүгө мүмкүнчүлүк бере турган VPN кызматын колдонгондорду жана сунуштагандарды куугунтуктоону күчөтүүдө.  Бул өлкө сыртында жашаган түркмөндөрдүн түркмөн өкмөтүнө каршы жана президент Гурбангулы Бердымухамедовдун отствакасын талап кылган каршылык иш чараларына байланыштуу орун алууда. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/30795385.html

 

Маданият

Өзбекстан. Национальным агентством "Өзбеккино" Улуттук агенттиги тарабынан Өзбекстандын жаштар иштери боюнча Агенттиги жана "MY5" телеканалы менен биргеликте CinemaDays-2020  алкагында 29-августта “Жаш кинематографисттер фестивалы” өткөрүлдү. Фестивалда Өзбекстан Республикасынын премьер-министринин орун басары Бехзод Мусаев, жаштар иштери боюнча Агенттигинин директору Алишер Садуллаев жана "Өзбеккино" Улуттук агенттигинин директору Фирдавс Абдухаликов сөз сүйлөп, жаш кинематографисттерди ийгиликтери менен куттукташты. Иш чарага журналисттер жана коомдук ишмерлер катышышты. Кененирээк:

https://podrobno.uz/cat/calche/v-uzbekistane-proshel-festival-molodykh-kinematografistov/

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.