Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Маанилүү жаңылыктарды өткөрүп жибербе! Биз колдонуучулук келишимин жаңылап жатабыз

14.04.2022 • 14:21

      Платформадагы оюнчулардын саны 90 000ден ашты! Жана биз күн сайын биз көбөйүп жатабыз! Биз сенин Qlever платформасында оюндарды ойноп, биз менен бирге окуп жатканың үчүн абдан кубанычтабыз!

     Биз ар бир оюнчу биздин дүкөндөгү белектерге ээ болушун каалайбыз. Бирок бул барган сайын татаалдашып жатат, анткени чынчыл эмес ойногон учурлар көбөйүүдө.? Эреже менен ойногон оюнчуларды коргоо үчүн биз Колдонуучулук келишимге толуктоолорду киргизип жатабыз (бул сен платформага катталып жатканда шарттарын кабылдаган документ).

    Жаңы эрежелерге ылайык, ар бир оюнчуга Qlever платформасында бир гана аккаунтка ээ болууга уруксат берилет. Ошондой эле биз жылдызчаларды бир аккаунттан башка аккунтка берилишине каршыбыз. Жаңы эрежелердин бардыгы Колдонуучулук келишимдин 5.9-5.11 пунктарында жазылды, ал 2022-жылдын 4-апрелинен тартып күчүнө кирет.

    Чынчыл оюндун айрым негизги эрежелери менен, сен мындан тышкары, “Чынчылдык менен упай топтоо кыйынбы” деген форумдан тааныша аласың.

    Бардык суроолор боюнча Кайтарым байланыш бөлүмү аркылуу бизге кайрылсаң болот. Эгер сен чынчыл эмес оюнчуларды билсең же Qlever платформасына арналган атайын чат/группаларды билсең алар туурасында бизге ошол эле Кайтарым байланыш бөлүмү аркылуу билдир. Биз сени чынчыл оюнду колдогонуң үчүн сөзсүз түрдө жылдызчалар ⭐менен сыйлайбыз. Аты-жөнүң купуя калаарына кепилдик беребиз.??

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.