Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 21-28 -  март, 2022-ж.

30.03.2022 • 05:57

Баарыңарга салам!

Назарыңарга Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орчундуу окуялардын дайжестин сунуштайм. 

Кеттик анда! 


 

Илим жана билим

Душанбеде балдар киносунун эксперименталдык Мектебинин балдар тасмасынын премьерасы болуп өттү. Мектептин жетекчиси тажик режиссеру жана сценаристи Искандар Усмонов. «Туулган күнүң менен, Риана!» – бул кыскаметраждуу көркөм фильм балдардын дипломдук иши. Анда достору туулган күнү менен өзгөчө куттуктаган кыз жөнүндө баяндалат. Тасма февраль айында тартылып, жалгыз гана жекече каржылоонун эсебинен ишке ашты. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/life/culture/20220322/eksperimentalnaya-shkola-detskogo-kino-v-dushanbe-vipustila-novii-film-s-uchastiem-svoih-vipusknikov

 

Петропавловск шаарындагы Назарбаев Интеллектуалдык мектебинин химия-биология багытында окуган 5 окуучу кыз кыздар арасында өткөрүлгөн Imagine Cup Junior Virtual AI Hackathons AI for Good – "Жасалма интеллект ак иштер үчүн" аттуу Microsoft компаниясы уюштурган хакатондо биринчи орун алышты, бул туурасында окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди. Аталган эл аралык иш чарага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 22 команда катышкан. Хакатондун максаты – жасалма интеллекттин негизинде белгилүү бир көйгөйгө чечим таап чыгуу. Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/skolnicy-iz-petropavlovska-stali-lucsimi-v-mire-v-primenenii-iskusstvennogo-intellekta 

 

Казакстандын билим берүү уюмдарында милдеттүү түрдө беткап кийип жүрүү режими алынды. Бул боюнча буйрукка өлкөнүн башкы санитардык врачы Айжан Есмагамбетова кол койгон. Эпидемологиялык кырдаалды баалоо матрицасы боюнча “жашыл” жана “сары” зонага таандык болгон региондордо бардык билим берүү уюмдарында милдеттүү түрдө беткап кийип жүрүү талабы алынды. Кабинеттик билим берүү системасына уруксат берилди. Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/masochnyj-rezhim-otmenili-v-shkolah-i-vuzah-kazahstana 

Постановление  

 

26-мартта Кыргызстанда республикалык олимпиадаларда жеңишке ээ болгон окуучуларга сертификаттарды тапшыруу  салтанаты болуп өттү. Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, соңку эки жылдан бери бул иш чара биринчи жолу өтүүдө. Кененирээк: 

https://kaktus.media/doc/456885_bydyshaia_elita_strany._nagradili_pobediteley_respyblikanskoy_olimpiady_shkolnikov.html 

 

Социум 

Ташкентте майыптыгы бар ишкерлерди колдоо Борборунун ачылышы болуп өттү. Аталган борбор социалдык туризм Ассоциациясы менен туризм жана маданий мурастар Министрлиги тарабынан негизделди. Борбордун негизги максаты – майыптыгы бар мекендештерге жана муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн кайрымдуулук акцияларын өткөрүү. Бул туурасында министрлик билдирүүдө. Кененирээк: https://anhor.uz/news/center-tashkent/ 

 

Жаздын келиши менен Түркмөнстанда эркектерди сүннөткө отургузуу сезону башталды. Лебаптын көптөгөн жашоочуларынын айтымында, диний салттарга негизделген бул хирургиялык процедуранын баасы кыйла өсүп кеткен. Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31759565.html 


 

Адам укугу

Түркмөнстандын мектептеринде жогорку класстын окуучуларынын “адеп-ахлактык тарбиясын көтөрүүгө” багытталган, айрыкча кыздарга арналган тарбиялык сабактар кайрадан жандандырылууда. Бул ишмердүүлүккө тартылган тарбиячылардын айтымында, жыныстык тарбия жана бул билимдер жок болгон учурда кандай маселелер жаралышы мүмкүн экени боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн ордуна бийлик аларды диний лекцияларды окууга, социалдык тармактардын зыяны туурасында айтууга мажбурлап жатышат. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31769908.html 

 

Skype мессенжери “жеке маалыматтардын субъектилеринин укуктарын бузуучулардын реестринен” чыгарылды, бул реестерге ал 2021-жылы киргизилген болчу. Бул туурасында «Газета.uz» Өзбекстандын маалыматтык технологиялар менен коммуникацияны өнүктүрүү Министрлигинин басма сөз кызматына таянуу менен билдирди. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20220325/v-uzbekistane-snyali-ogranichenie-na-dostup-k-skype

 

Казакстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Магжан Ильясов Нью-Йоркто БУУнун депозитарийине сактоого өлүм жазасын алып салууга арналган жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү Эл аралык  пакттын экинчи факультативдик протоколун ратификациялоо жөнүндөгү грамотаны тапшырды, бул туурасында Казакстандын тышкы иштер министрлиги билдирди. Казакстан бул протоколго кошулган 193 мүчө-өлкөнүн 90-унчусу болду. Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/kazahstan-okonchatelno-prisoedinilsya-k-glavnomu-mezhdunarodnomu-dokumentu-ob-otmene-smertnoj-kazni 

 

Кыргызстандын коммерциялык эмес уюмдары министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго 2022-жылдын 22-мартындагы Кыргыз Республикасынын “Коммерциялык эмес уюмдары жөнүндө” мыйзамынын талаптарын аткаруу боюнча чаралар жөнүндөгү токтомго байланыштуу кайрылуу жасашты. КЭУ министрлер кабинетинин башчысынан коммерциялык эмес уюмдар тарабынан кошмо финансылык маалыматтарды жарыялап туруу боюнча жаңы талаптын айланасында түзүлгөн кырдаалды чечүүгө көмөктөшүүнү суранышууда. Кененирээк: 

https://kaktus.media/doc/457089_novye_trebovaniia_k_otchetnosti_nko:_glavy_kabmina_poprosili_ob_otsrochke._obrashenie.html 

 

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

 

Көрүшкөнчө! 

 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып Qlever ойно!


 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.