Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

«Мырк, балкончик и узкоглазый». Кастык тилин билүү деңгээлин текшерүү үчүн тест

28.08.2020 • 07:12

Эгер сиз социалдык тармактарды колдонсоңуз же онлайн басылмаларын окусаңыз, анда жагымсыз, ачууланган билдирүүлөргө же комментарийлерге туш болгон болушуңуз мүмкүн. Мисалы, блогер кыздын пляждагы сүрөтүнүн астында көбүнчө "сойку" же "жазаланышы керек" деп жаза алышат. Мындай кубулуштун "хейтспич" же жөнөкөй сөз менен айтканда "кастык тили" деген аталышы бар.

Кастык тили – бул терс маанайдагы же кемсинтип сүйлөө, мындай сөздөр кайсы бир раса, этнос, жыныстын, диний жана социалдык топтордун өкүлдөрүнө жагымсыз болот жана басынтуу катары кабылданат.

«Клооп» жаңылыктар сайты «Теңдик үчүн Коалиция» менен биргеликте, жек көрүү сезими жөнүндө көбүрөөк билүүгө жардам бере турган тест түзүштү.

Үч каармандын бирин тандап, ар кандай социалдык топтор кастык тилине кандайча туш болгонун биле аласың. Тестте кастык тилинин деңгээлин аныктоо керек, сиз ойноп жаткан каармандын маанайы сиздин жообуңузга жараша болот.

 

Айгүл - исламофобияга чыдашы керек болгон мусулман аял.

https://www.riddle.com/showcase/263569/quiz

 

Тао - расизмге жана ксенофобияга туш болгон кытайлык адам.

https://www.riddle.com/showcase/263737/quiz

 

Айгерим - кол салууга жана жек көрүүгө дуушар болгон феминист кыз

https://www.riddle.com/showcase/263617/quiz

 

Булак: Kloop.kg

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.