Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Карасаң, Смарти эмне тапты!

28.02.2022 • 09:59

 

28 февралдан баштап Qlever платформасында “Берешен Смарти!” акциясын баштайбыз, биздин досубуз Смарти промокоддорду ойнотот?! 

Катышуу үчүн сага сонун билим берүүчү порталды ачып беребиз, ал жерден сен мультфильмдерди көрүп, инфографикаларды изилдеп, тесттерден өтүп, медиасабаттуулук боюнча жаңы билимдерди аласың. 

Таанышып ал,  МедиаСабак билим берүү платформасы. Бул жерде медиа жана маалыматтык сабаттуулук (ММС) боюнча билим алуу сен үчүн оңой жана кызыктуу болот!  Сага Макс менен Алина жардам берет. Алар менен бирге ММС боюнча бардык сабактарды ийгиликтүү өтө аласың.

https://youtu.be/LRbsrgTnggM

Акциянын шарттары абдан жеңил:

1. Бул шилтеме боюнча өтөсүң https://mediasabak.org/ru/?user=qlever 

2. Медиасабакка катталасың. Кантип катталуу керек??

  • Каттоо терезеси ачылат, ал жерге почтаңды жазып, пароль коюп, анан “Катталуу” деген баскычты бас
  • Почтаңды текшерип көр, ал жакка каттоону тастыктоо үчүн кат жана шилтеме келиш керек. 
  • Шилтеме боюнча өтсөң, почтаңды тастыктаган болосуң.
  • Өзүңдүн профилиң ачылат, аны толтур. 

3. Тиешелүү маалыматтарды киргизген соң, сен “Окуу” деген бөлүмгө киресиң, ал жакта мультфильм, видео сабактар бар, аларды изилдеп чык. Андан соң⬇️ 

4. “Тесттен өтүү” бөлүмүндө➡️ “ЖОЖ” бар, ал жактан “кастык тилин” таап, тесттен өтөсүң. 

Айрым тесттерден ийгиликтүү өткөндөн кийин уникалдуу промокод берилет, аны Qlever платформасында активдештирүүгө болот. “Кастык тили” бөлүмүндө бардыгы болуп 3 промокод катып койдук. Промокодду ар жолу активдештирүү сага 50 жылдызча берет. Маанилүү! Бир тест = бир уникалдуу промокод.

Ал эми төмөндө болсо, промокодко ээ болуу үчүн басып өтчү жолду толугу менен сүрөттөп бердик. Ийгилик!

 

 

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.