Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Кыргызстанда мектеп окуучуларына салык сабаттуулугун үйрөтө башташат

27.08.2020 • 07:53

Жаңы окуу жылынан баштап жалпы билим берүүчү мектептердин жогорку классынын окуучулары жана экономикалык эмес билим берүү мекемелеринин студенттери салык мыйзамдарынын негиздерин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Окутуу заманбап шаймандарды жана технологияларды, анын ичинде компьютерди, смартфонду, ноутбукту же башка гаджеттерди колдонуу менен өтөт. Мындан тышкары, студенттер окуу формасын - онлайн же салттуу түрүн тандап алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Ушул максатта Мамлекеттик салык кызматы аймактык салык органдарынын салык төлөөчүлөрү менен иштөө бөлүмдөрүнүн 116 кызматкерин аралыктан окутушту. Андан соң бул кызматкерлер жаштар үчүн салык сабаттуулугу боюнча сабактарды өтүшөт. Ошол эле учурда, салык мыйзамдарынын негиздери менен таанышуу үчүн жаңы билим берүү куралдары (аудио жана видеороликтер) колдонулат.

Мындан тышкары, билим берүү мекемелери менен дистанттык форматта кызматташуунун алкагында, ушул сыяктуу билим берүү тренингдери ЖОЖдордун жана орто техникалык кесиптик билим берүү мекемелеринин окутуучулары үчүн өткөрүлдү. Тренинг аралыктан окутуунун заманбап методдорун жана куралдарын колдонуу менен онлайн режиминде өттү.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.