Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Биринчи класстын окуучулары жана ата-энелери үчүн эрежелер иштелип чыкты

26.08.2020 • 07:54

Билим берүү жана илим министрлиги эксперттик-консультативдик кеңеш менен биргеликте пандемия шартында билим берүү мекемелеринде окуу процессин уюштуруу боюнча Нускама иштеп чыкты.

 

Нускамада райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, мектептердин администрацияларынын жана мугалимдердин билим берүү процессин уюштуруудагы милдеттери, ошондой эле ата-энелердин салттуу жана аралыктан окутуудагы милдеттери көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясына байланыштуу жаңы окуу жылын биринчи класстар гана салттуу форматта окуй башташат.

Биринчи класстын окуучулары беткап кийип, эки саат сайын алмаштырып турушу керек. Аларды коргоочу шаймандар менен камсыз кылуу милдети ата-энелерге жүктөлөт, бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин балдар жана өспүрүмдөрдүн гигиенасы бөлүмүнүн дарыгери Мария Кушубакова билдирди.

 

 «Ата-энелер аларды антисептиктер жана маскалар менен камсыз кылышы керек. Масканы эки саат сайын алмаштыруу керек, мектептерде буга каражат жок. Мектеп кызматкерлерди гана жеке коргонуу шаймандары менен камсыз кылат», - Мария Кушубакова.

Нускмага ылайык, баланы санитардык-гигиеналык каражаттар менен камсыз кылуудан тышкары, окутуу салттуу түрдѳ жүргүзүүдѳ ата-энелердин милдети төмөнкүлөрдү камтыйт:

1. Мектеп менен келишим түзүү.

2. Баланын ден соолуугу боюнча мугалимге күнүгө маалымат берип туруу.

3. Окуучулардын ѳздүк гигиенасын сактоону камсыздоо.

4. Баланы мектепке убагында алып келүүнү жана алып кетүүнү камсыздоо.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.