Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Конкурс! Тазалык сааты ✨

01.04.2022 • 03:58

Салам! 
Элестетип көрсөң, көчөгө чыкканда желим баштыктар, пластик, жана башка таштандылар жок таптаза болсо кандай жагымдуу болмок. Бул фантастика эмес жана тазалыкка жетишүү анча кыйын эмес. Qleverден жаңы конкурс короолордогу, көчөлөрдөгү жана подъезддердеги кир менен таштандыга согуш жарыялайт ⚔️?✨ 

 

Эмне кылуу керек?

  1. Талаптагыдай кийим-кече, курал-жарактарыңды ал: колкап, беткап, таштанды үчүн баштык же ташый турган шайман. Тазалыктын сакчыларына болсо, тырмак жана шыпыргы да керек болот ?
  2. Өз корооңо, подъездиңе же көчөңө чыккын да, айланаңа тазалыкты орнот! Эгер жер жалбыракка же карга көмүлсө, аларды чыгарып салса болот.
  3. Иш учурунда бирөөнү сүрөткө тартып кой деп суран.
  4. Ал сүрөтүңдү/видеоңду Инстаграм же Тик Токко  #чисто #QleverKg хэштеги менен жүктө (же бизге почта менен жөнөт qlever.game@gmail.com). 
  5. Сөзсүз түрдө Qlever платформасындагы өзүңдүн никнеймиңди жаз

 

Инстаграмдагы посттун үлгүсү: Короону тазаладым! #чисто #QleverKg @nickname

 

Ар бир тазалык сүйүүчүсүнө биз 150⭐ беребиз. Конкурс  31 майда аяктайт.

Ал эми азыр сага ишембилик кылууга бир нече кеңеш:

  1. Өрттөбө, компоско чогулт. Түтүн планетабызга зыяндуу, ал эми айрым желим нерселерди өрттөгөндө уулуу газ бөлүнүп чыгат ???
  2. Дарактардын түшкөн жалбырактар азыктуу жерге айланат. Аларды өрттөбө. Эгер алар жолтоо болуп жатса, аларды бир жерге чогултуп, ошол бойдон калтырып кой ??
  3. Колкап кийип тазала, колуңду абайла ?
  4. Беткап сени чаңдан коргойт ?
  5. Жаныңда жолдошуң болсо дайыма көңүлдүүрөөк болот ?
  6. Канчалык тез-тезден тазалап турсаң, ошончолук жумуш аз болот. Бир эки түшүп калган кагазды алып коюуга бир нече эле мүнөт убакыт кетет, ал эми тазалык жана тартип бир аптага чейин кармалып турат ✨ ?
     

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.