Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Борбор Азия жаңлыктары:: 19-25 август, 2020-жыл

24.08.2020 • 10:55

Саясат

Кыргызстан өзбек жана тажик тарап менен премьер-министрлердин деңгээлинде чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү болжоп жатат. Бул туурасында КРнын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров билдирди. Анын айтымында, чек араларда чыр-чатактарга жол бербөө максатында жергиликтүү бийлик коопсуздук органдары менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Кененирээк бул жерден окусуңар болот: https://rus.ozodi.org/a/30791451.html

Өзбекстанда мыйзамдык актыларды талкуулоо порталында (СОВАЗ) Ички иштер министрлиги тарабынан иштелип чыккан митингдер, жыйында жана демонстрациялар жөнүндөгү мыйзамдын долбоору жарыяланды деп жазат  asiaplustj. Өзбекстан Казакстандын эле мыйзам долбоорун кайталап койдубу, эки өлкөнүн мыйзам долбоорлорунда кандай окшоштуктар бар, бул жерден окугула: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20200820/v-uzbekistane-na-obtshestvennoe-obsuzhdenie-vinesen-zakonoproekt-o-mitingah

 

Билим берүү

Тажикстандын ЖОЖдоруна 75 миң абитуриент окууга тапшырды. Өлкөнүн Улуттук тестирлөө борбору ЖОЖдорго кирүү экзамендеринин болжолдуу жыйынтыктарын чыгарды. Эки этаптан турган сынактардын натыйжасында 75 миң 482 абитуриент өлкөнүн жогорку окуу жайларында окуганга мүмкүнчүлүк алышты, деп билдирет "Азия-Плюс".  Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20200819/v-tadzhikskie-vuzi-postupili-bolee-75-tis-abiturientov

 

Кыргызстанда 1-класстын окуучулары бет кап кийүүгө жана аны ар бир эки саат сайын алмаштырып турууга милдеттүү. Балдарды коргоочу каражаттар менен камсыздоо милдети ата-энелерге жүктөлгөн деп билдирет  24.kg. Окуучуларга кандай бет кап кийүүгө болот жана кандай бет каптар болбой турганын бул шилтемеден окугула:

http://0s.gi2c423h.nblz.ru/obschestvo/162827_pervoklassniki_doljnyi_nosit_maski_imenyat_ihkajdyie_dva_chasa/

«ММК колдоо борбору»  фонду (Кыргызстан)  КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте «Сорос-Кыргызстан»  фондусунун колдоосу менен мектеп мугалимдеринин  арасындамедиасабаттуулук жана дистанттык окуу боюнча интенсивдүү онлайн-курска катышуу үчүн конкурс жарыялады. Бул курста кимдер жана качан окуп баштаары туурасында төмөнкү шилтемеден окугула: https://24.kg/obschestvo/162851_uchitelyam_provedut_onlayn-kurs_pomediagramotnosti_idistantsionnomu_obucheniyu/

Мугалимдердин жана билим берүү, илим жаатындагы кызматкерлердин республикалык август жыйынынын пленардык отурумунда, Казакстандын билим берүү министри  жаңы окуу жылында кандай жаңычылыктар киргизилээри туурасында айтып берди. Мектепке чейинки билим берүү туурасында айта турган болсок, министрдин айтымында ведомство балдарды мектепке даярдоо методдору менен мазмунун толук карап чыгууну болжоп жатат. Тилдерди үйрөнүүнү кенже курактан баштоо боюнча методика өзгөрөт, программанын мазмуну балдарды жаш курактык жана психологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша жаңыланат. Ата-энелер мамлекеттик заказ боюнча кирүүгө мүмкүн болгон бала-бакчаларды эми озүлөрү тандай алышат. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/aymagambetov-ob-izmeneniyah-v-doshkolnom-obrazovanii-roditel-sam-smozhet-vybirat-detsad-i-idti-tuda-s-goszakazom.html

 

Социум

Тажикстандын Турсунзаде шаарынын прокуратурасы  төрт жашар кыздын зордукталышы боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат. Окуяга байланыштуу бардык жагдайларды аныктоо боюнча тиешелүү иш чаралар жүрүп жатат, азырынча эч ким кармала элек.  Тергөө иштери кыздын энеси арыз менен кайрылгандан кийин башталган, ал бул кылмыш ишин мурдагы күйөөсүнүн бир тууганы жасаган деп эсептейт.  Чуулгандуу окуя туурасында бул жерден окугула: https://rus.ozodi.org/a/30795091.html

Өзбекстанда 1-сентябрдан баштап дааратканасы жок май куючу бекеттер мунай продуктуларын жана газ ала албай калышы мүмкүн жана убактылуу лицензиясынан ажыратылат. Эмне үчүн мындай катаал чаралар көрүлөөрүн төмөнкү шилтеме боюнча окугула : https://www.gazeta.uz/ru/2020/08/18/toilets/

Алматынын бардык райондорунда иш менен камсыз кылуу боюнча Жаштардын ресурстук борборунун көчмө пункттары иштеп баштады. Жумуш издегендерге ар кандай багыттагы бош вакансияларды сунушташат. Иш менен камсыз болууну каалагандар анкета-резюме толтурат, ал каралып чыккандан кийин Алматынын калкты иш менен камсыз кылуу борборуна жөнөтүлүп жана "Срочно требуется" гезитинин сайтына жарыяланат. Жаштардын жумуш издөө боюнча жаңы методу туурасында бул жерден окугула: https://informburo.kz/novosti/v-almaty-zarabotali-mobilnye-punkty-po-trudoustroystvu-molodyozhi-.html

IT

Дүйнөдөгү алдыңы технологиялык компаниялардын бири Microsoft өзүнүн саламаттыкты сактоо жаатына жасалма интеллекти колдонууга байланышкан “AI for Health” глобалдык изилдөө программасынын жеңүүчүлөрүнүн бири катар Тажкстандагы TajRupt.AI коммерциялык эмес уюмун тандап алды. TajRupt.AI бул конкурстан кантип жеңип алганын бул жерден окугула: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20200822/kak-tajruptai-stal-partnerom-microsoft

Кыргызстанда ынанымдуу дипфейкти эми $100 жетпеген каражатка жасоого болот. Дипфейктер барган сайын жеткиликтүү, арзан жана ынанымдуу болуп бара жатат. Мисал катары, каалаган адамдын интернеттеги жасалма сүрөтүнө ээ болуу канчалык оңой экенин көрсөтүш үчүн FireEye эксперттери Том Хэнкстин фейк сүрөттөрүн жана аудио жазылмасын жасашкан. Бул үчүн керектүү болгон бардык куралдар тармакта ачык эле жеткиликтүү, алар терең билимди же чоң каражатты талап кылбайт. Дипфейктер жөнүндө кененирээк бул жерде:

https://knews.kg/2020/08/10/ubeditelnyj-dipfejk-mozhno-sozdat-uzhe-menee-chem-za-100/amp/

 

Өзбекстанда iOS уюлдук операциялык системасынын колдонуучулары VPN-иркемесин активдүү түрдө жүктөп алып жатышат, бул туурасында жергиликтүү ММКлар App Annie  аналитика сервисинин маалыматтарына таянуу менен билдиришүүдө. ММКлар билдиргендей, 17-августка карата эң көп жүктөлгөн төрт тиркеменин бири бул - VPN-программалары, алар блок коюлган сайттарга кирүү үчүн колдонулат. Мындай көрүнүш соңку үч жылдан бери биринчи жолу байкалууда. Макаланын шилтеме: https://rus.azattyk.org/a/30790031.html

Түркмөнстан

Түркмөнстанда бийлик өкүлдөрү бюджеттик кызматкерлерге жергиликтүү өндүрүштө чыгарылган сыналгыларды күчтөп сатып жатат, сыналгынын баасы алардын эмгек акыларынан кармап алынат. Бул туурасында Азаттык Радиосу билдирет.

"Фарапта бюджеттик кызматкерлер жергиликтүү өндүрүштүн смарт-сыналгыларын сатып алгыла деген көрсөтмө алышкан.  Бул "Толкун" аттуу 32-дюйм сыналгылардын баасы 2400 манат ($686) турат” – деп билдирет басылманын кабарчысы Лебап облусунан. Кененирээк: https://rus.ozodi.org/a/30793204.html

Түркмөнстандын бийликтери блок коюлган сервистерге кирүүгө жардам берүү аракеттерин тескөөнү күчөтүүдө деп билдирет Азатлык Радиосу. Ашгабаттын базарларында кардарлардын телефондоруна VPN-сервистерин жүктөп бергени үчүн бир суткада 15 адам камакка алынган. Кененирээк:https://rus.ozodi.org/a/30797084.html

Түркмөнстанда Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүүгө байланыштуу сунуштарды иштеп чыгуу жана жалпылоо боюнча Конституциялык комиссия Негизги мыйзамга кирчү өзгөрүүлөрдүн долбоорун даярдап бүттү. Бул туурасында Түркмөнстандын Мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди деп жазат Фергана маалымат агенттиги. Өлкөнүн баш мыйзамында эмне өзгөрөөрү туурасында бул жерден окугула: http://0s.mzsxez3bnzqs43tfo5zq.nblz.ru/news/120883/

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.