Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

ЖОЖ жана колледждер жаңы окуу жылы онлайн режиминде башташат

24.08.2020 • 04:00

Жогорку жана орто кесиптик билим берүүчү окуу жайларында жаңы окуу жылы онлайн режиминде башталат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен министрлик окуу жылын университеттерде жана колледждерде (менчик формасына карабастан) коронавирустук инфекция коркунучун азайтуу үчүн аралыктан окутуу технологияларын колдонуп баштоону чечти" деп айтылат билдирүүдө.

Окуу процесси ZOOM, Google classroom, MOODLE, Academic Affairs маалыматтык системалары, ошондой эле Whatsapp, Skype, электрондук почтанын, өздүк электрондук китепканаларынын ресурстарын, Кирблинет электрондук китепканасынын ресурстарын колдонуу менен онлайн форматта уюштурулат.

Билим берүү уюмдар дисциплиналардын окуу-методикалык комплекстерине ылайык студенттердин өз алдынча иштөө пландарын иштеп чыгары белгиленди. Ошондой эле алар аралыктан окутуу формасына керектүү санариптик окуу материалдары менен камсыздайт, өздүк маалыматтык билим берүү ресурстарын жакшыртат жана сабактарды дистанттык форматта уюштуруу үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базаны жаңылоо боюнча чараларды көрүшөт.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.