Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Идея ? үчүн 500 жылдызча ⭐!

10.04.2021 • 14:36

Билим бере турган оюн түзүү боюнча эң мыкты идеяга жылдызчаларды белекке беребиз! Өз идеяңарды биздин оюндарда ишке ашырууга силерде эң сонун мүмкүнчүлүк бар.
Кантип катышууга болот?

Оюн ойлоп тапкыла, аталышын жазгыла, ал оюн эмнеге үйрөтөөрүн жана кантип ойноо керектигин түшүндүргүлө.

Форумдан “Qlever үчүн оюн ойлоп тап” бөлүмүн таап, комментарийлерге өз идеяңарды төмөнкүдөй тартипте калтыргыла:

1.  Оюндун аталышы
2.  Бул оюнуңар эмнеге үйрөтөт?
3.  Кантип ойноо керек?
4.  Кошумча деталдары.

Жеңүүчүнү оюн иштеп чыгуучулардан турган калыстар тобу тандайт. Чыгармачылык мамиле, ой жүгүртүүнүн оригиналдулугу жана билим берүүчү элементи бааланат. Эң мыкты идеялар биздин платформадагы оюндардын негизин тузүшү мүмкүн!

Жеңүүчүлөр эмнеге ээ болот?
Эң мыкты делген үч идеянын авторлору 500 жылдызча белекке алышат! Вау!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.