Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

«Алданба» Фейк менен жалган маалыматка каршы алгачкы кыргыз ыры жаңырды

20.08.2020 • 05:27

2020-жылдын 5-августунда расмий тартууланган «Алданба» - жаштардын интернет айдыңында медиа сабаттуулугун арттырууга багытталган алгачкы кыргыз ыры.

Идеянын автору — көп жылдардан бери өлкөдө жана Борбордук Азияда медиа жана маалыматтык сабаттуулукту активдүү түрдө жайылтып келе жаткан «ММК колдоо борбору» фонду. 

 

«Музыканын биз үчүн терең таасири бар. Бул жерде биз ар бир адам өзүндөгү маалыматты сын көз менен карап, кыраакылык менен пайдалануусу керек деген ойду айткыбыз келет.» - «ММК колдоо борбору» фондунун программалык директору Айчүрөк Усупбаева 

Ырдын аткаруучулары — жаштар арасында популярдуу болгон Айым Айылчиева жана рэпер Баястан. Ырдын негизги максаты — медиа сабаттуулугун жайылтуу, ар кандай маалыматка, айрыкча интернетте сын көз карашта болуунун маанилүүлүгүн түшүнүүнү жогорулатуу. Ар бир адамдын: «Бул чын эле ишенимдүү маалыматпы?», - деп сураганы маанилүү. Аткаруучулар азыркы санариптик дүйнөдө көп маалымат жайылып жаткандыгы жөнүндө ырдоо менен анын дайыма эле ишенимдүү боло бербей тургандыгын айтып, баарына эле ишене бербөөгө үндөйт.

Ырды клиби менен төмөнкү платформалардан көрүүгө болот:

Ютубда: https://www.youtube.com/watch?v=301T6qjHiaI 

Инстаграм: https://www.instagram.com/p/CDfkC9hnXYF/

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.