Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Борбор Азия жаңылыктарынын топтому: 2020 жылдын 11-18 августу

18.08.2020 • 07:42

Мигранттар

 

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өзбек-казак чек арасында калып калган 200дөн ашуун Тажикстан жарандары мекенине кайтып келишти.  Кененирээк бул жерден окуңуз.

 

Тажикстандын тышкы иштер министрлиги билдиргендей, COVID-19  Республикалык штабынын чечими менен 16-августтан 31-август аралыгында Россиядан Тажикстанга 55 кошумча чартердик каттам ишке ашырылмак болду. Кененирээк бул жерде.

Билим берүү

 

Тажик абитуриенттери 2020-жылдын күз айларынан баштап “Россияда оку” аттуу билим берүүчү онлайн-сервисти колдоно алышат жана россиялык педагогдордон аралыктан туруп кеп-кеңештерди ала алышат. Бул платформа менен кимдер жана кантип колдоно алышаары туурасында кененирээк бул жерден окуңуздар.

 

Тажикстандын ЖОЖдорунун бардык студенттери экзаменсиз кийинуки курска которулду. Бул туурасында өлкөнүн билим берүү министрлиги билдирди. Бирок, бул жерде бир жагдай пайда болууда. Эмне жөнүндө сөз болуп жатканын бул жердден окуңуздар.

 

Жаңы окуу жылынан баштап кагаз күндөлүктөр менен журналдар Өзбекстандын 1200 мектебинде жоюлат. Бул туурасында Элдик билим берүү Министрлиги билдирди. Ал эми башка мектептер туурасында бул жерде кененирээк айтылат.

 

Өзбекстандын абитуриенттерин манжа тактары аркылуу аныктоо киргизилет. Качан жана кантип ишке ашаары туурасында бул шилтеме аркылуу билип алсаңар болот.

Кыргызстанда 1-класстын окуучулары гана салттуу режимде окушат, калгандары онлайн формада окушат. Бул туурасында К. Боронов билдирди. Кененирээк бул жерде.

Казакстанда мамлекеттик грант ээлеринин тизмеси жарыяланды. 2020-жылы ЕНТ экзаменин тапшырууну каалагандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти – 131 754 абитуриент, жалпы абитуриенттердин 82%  быйылкы жылдын бүтүрүүчүлөрү. Кененирээк бул жерде.

 

Адабият жана искусство

 

Душанбе ооруканасында белгилүү тажик акыны, Тажикстандын гимнинин автору Гулназар Келди көз жумду.  Макаланын шилтемеси бул жерде.

 

Өзбекстанда коронавирус жөнүндө документалдык тасма тартылып жатат. Тасманы түшүрүү Хорезм, Бухара, Самарканд, Сырдарыя, Анжиян облустарында жана Ташкент шаарында жүрүүдө. Тасмада дарыгерлер, ИИМ кызматкерлери жана Улуттук гвардия жоокерлери туурасында жана ошондой эле оорулуулар менен муктаждарга жардамга келүүгө даяр ыктыярчылар жөнүндө айтылат. Кененирээк бул жерде.

 

Кыргызстанда биринчи жарым жылдыкта өлкөнүн виртуалдык китепканаларынын окурмандарынын саны 2 миллион 200 миңге жеткен. Виртуалдык китептерди кимдер жана кантип окуп келгени туурасында бул шилтемеден окуңуздар.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 11 чет өлкөлүк жаранды Абай Кунанбаев мурасын жайылтканы үчүн  сыйлады. Алардын арасында КЭР, Иран, Россия, Армения, Бразилия, Испания, Ирландия, Египет, Турция, Германиянын жарандары бар. Макалага шилтеме.

Пандемия

 

Коронавирус жөнүндөгү дезинформация 2020-жылдын алгачкы үч айында кеминде 800 адамды “өлүмгө” дуушар кылды. Ошондой эле дээрлик 6 миң  адам ооруканага түшүп, 60 адамдын көзү көрбөй калган. Бул туурасында American Journal of Tropical Medicine and Hygiene  илимий басылмасында жаряланган иликтөөлөрдө айтылат. Ииликтөөнү бул шитлемеден окуңуздар.

Макалага шилтеме.

 

Жаштар

 

Самарканд веб-форумунун алкагында “Жаштар 2020: Глобалдык тилектештик, туруктуу өнүгүү жана адам укугун” резолюциясы кабыл алынды. Документте мамлекетке кайрылуу жасалып, жаштардын коомдун жашоосуна толук кандуу, натыйжалуу жана салымдуу катышуусу үчүн аларга өзүлөрүнүн чыныгы мүмкүнчүлүктөрүн баалоого жардам бере турган стратегия иштеп чыгууга чакырык жолдонгон.

Документте ошондой эле, тынчтык жана коопсуздукту, туруктуу өнүгүүнү, адам укуктарын камсыздоодо жаштардын ролу маанилүү экени жана жаштардын чечим кабыл алуу процесстерине активдүү жана жигердүү катышуусу зарыл экени белгиленген. Кененирээк бул жерде

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.