Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 1-7 – март, 2021-ж.

09.03.2021 • 10:32

Баарыңарга салам!

Бардык кыздарды жаз майрамы менен, бакыттын майрамы менен куттуктайм! 

Азыр болсо Борбор Азиядагы орчундуу окуялардан турган жаңы дайжестти сунуштайм. 

Кеттик анда! 


 

Билим берүү

Өзбекстандын ар бир регионунда батирлерде же туугандарыныкында жашаган студенттерге мониторинг жүргүзө турган жумушчу топтор түзүлөт. Кененирээк: https://nuz.uz/obschestvo/1189731-studenty-zhivushhie-na-kvartirah-okazhutsya-pod-nablyudeniem-rabochih-grupp.html 

1-апрелден тартып Кыргызстанда бардык окуучулар окуунун салттуу формасына өткөрүлөт. Бул туурасында биринчи вице-премьер министр Артем Новиков билим берүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо боюнча жыйында билдиргенин министрлер кабинетинин басма-сөз кызматы кабарлады. Кененирээк: https://24.kg/vlast/185623_s1aprelya_vse_shkolniki_postrane_pereydut_nauchebu_vtraditsionnom_formate_/ 

COVID-19 пандемиясына байланыштуу көптөгөн өлкөлөр мектептерди жабуу чечимин кабыл алышкан. Натыйжада дүйнө жүзү боюнча болжол менен 168 миллион бала бир жыл бою мектепке бара албай, теңтуштары, мугалимдери менен сүйлөшө албай калышты. Болжол менен 214 миллион бала – же дүйнөдөгү ар бир жетинчи бала мектепке барып окуунун төрттөн үч бөлүгүнө катышпай калышты. Кыргызстандагы жана Борбор Азия өлкөлөрдөгү кырдаал туурасында кененирээк: https://24.kg/obschestvo/185424_yunisef_kajdyiy_sedmoy_rebenok_propustil_bolee_treh_chetvertey_ochnogo_obucheniya/ 

Өзбекстанда 2021-2022-окуу жылынан баштап, чет тилдери боюнча адистерди даярдаган жогорку окуу жайлардын 3-4 курсунун студенттери үчүн  зыяратчылык туризми боюнча окуу программасы киргизилүүдө. Кененирээк: https://nuz.uz/obschestvo/1189792-v-ryade-vuzov-uzbekistana-vnedryaetsya-uchebnaya-programma-po-palomnicheskomu-turizmu.html 

Адам укуктары

Өзбекстандын юстиция министрлиги 2021-жылга карата Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы (ЕБРР) жана гендердик теңчилик боюнча Улуттук комиссия менен тыгыз кызматташтыкта иштелип чыккан гендердик аспектилерди эске алуу менен регулятордук таасирди баалоо системасын киргизүү боюнча (GR-RIA) иш аракеттер Планын бекитти. Бул өлкө үчүн жана жалпы Борбор Азия үчүн революциялык окуя, анткени Өзбекстан аймактагы  «гендердик линзаны» киргизген биринчи өлкө болуп калат. «Гендердик линза»  бул жаңы киргизилген эрежелер аялдар менен эркектер ортосундагы теңсиздикти күчөткөнүн, колдогонун же кыскартканын иликтей турган атайын курал болуп саналат. Кененирээк: https://nuz.uz/obschestvo/1190038-uzbekistan-pervym-v-regione-cza-vnedryaet-gendernuyu-linzu.html 

Freedom House укук коргоо уюму коронавирус пандемиясы, экономикалык белгисиздик жана жер шары боюнча чыр-чатактар 2020-жылы дүйнөдөгү эркиндик деңгээлинин төмөндөшүнө алып келгенин билдирди.  Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31131482.html 

Отчеттун шилтемеси: https://freedomhouse.org/report/freedom-world/2021/democracy-under-siege 

Социум

Facebook Ireland Ltd компаниясы 2- мартта Тажикстандын өкмөтүнүн алдындагы Салык комитетинде каттоодон өттү. Компания http://www.andoz.tj расмий сайты аркылуу кошумча нарк салыгын төлөөчү катары катталды, деп билдирет өлкөнүн салык кызматы. Салык комитети чет өлкөлүк жарандарга республиканын салык мыйзамдарын сактоого өз укуктарынын чегинде көмөктөшүүгө даярдыгын жана бизнес-коомчулукка зарыл болгон учурларда керектүү маалымат берип турууга даярдыгын билдирүүдө. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/economic/20210303/facebook-zaregistrirovalsya-v-tadzhikistane-v-kachestve-nalogoplateltshika

Кыргызстан " Covid-19 жок саякаттайм" аттуу санариптик платформасына кошулду. Аталган платформага тесттик режимде аккредитациядан өткөн эки мамлекеттик лабораториялар кошулган – мамэпидкөзөмөл жана оорууларды алдын алуу департаментинин (Бишкек) жана мамэпидкөзөмөл борборунун (Ош) лабораториялары. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/srok-vuezda-v-rossiyu-po-prilozheniyu-puteshestvuyu-bez-covid-19-prodlili-na-mesyac-k-platforme-prisoedinilsya-kyrgyzstan

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Жакшы кал! 

P.S. Командага колдоо корсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.