Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 1-7 – февраль, 2021-ж.

08.02.2021 • 09:19

Кымбаттуу досум!

Сага Борбор Азия мамлекеттериндеги маанилүү окуялардын дайжестин сунуштайм.

Кеттик анда! 

 

Билим берүү

Тажикстанда биринчи жолу «Илмхона»‌ ‌UX/UI‌ ‌ дизайн жана  ‌iOS‌ ‌иштеп чыкмалары боюнча курстарды баштады.  UX/UI дизайн жана iOS иштеп чыкмалары боюнча жаңы курстарда окутуулар онлайн түрдө 19-февралда башталат. Бул багыттагы адистерге жергиликтүү рынокто да, чет өлкөлөрдө да суроо-талап чоң. Кененирээк шилтемеде: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210205/vpervie-v-tadzhikistane-ilmhona-zapuskaet-kursi-po-uxui-dizainu-i-ios-razrabotke-

Бишкек окуучуларынын (Кыргызстан) ата-энелери бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, балдарга салттуу форматта билим алууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранышты. Мындай кайрылууну алар 24.kg редакциясына да жөнөтүшкөн. Алардын аыйтымында, дистанттык электрондук билим берүүнү киргизүү борбордук окуучулардын билим алууга болгон укугун бузат.  Кененирээк бул жерде : https://24.kg/obschestvo/182563_myiprotiv_onlayn-obucheniya_roditeli_bishkekskih_shkolnikov_obratilis_kvlastyam/ 

«Маариф» түрк фонду Кыргызстандын борборунда биринчи мектебин ачат. Бул туурасында, билим берүү министрлигинин басама-сөз кызматы билдирди. Кененирээк шилтемеде: https://24.kg/obschestvo/181784_turetskiy_fond_maarif_otkroet_pervuyu_shkolu_vbishkeke/ 

Адам укугу

Түркмөнстан бийлиги Кылмыш кодексинин гомосексуалдык  байланыш үчүн жаза каралган 135-беренесинин 1-бөлүгүн декриминализациялоо маселесин изилдеп чыгууга ниеттенүүдө. Бул туурасында Түркмөнстандын 2020-жылы БУУнун адам укуктары боюнча Комитетине берген үчүнчү  докладында айтылган, деп жазат Turkmen.news.

Кененирээк шилтемеде: https://asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20210205/turkmenistan-zayavil-o-namerenii-izuchit-vopros-dekriminalizatsii-odnopolih-svyazei

Хужандда  (Тажикистан) биринчи жолу инклюзивдүү спектакль коюлду. Бул өзгөчө театралдык оюндун мазмунунда негизги идея берилген – ден соолугунда ар кандай мүчүлүштүктөрү бар балдар туурасындагы стереотиптерди жоюу, алардын социалдык активдүүлүгүн бекемдөө, алардын өзүнө болгон ишенимин бекемдөөгө көмөктөшүү, теңтуштары менен достошуудан коркпоого үйрөтүү. Инклюзивдүү театр коомчулукту адатта катардагы адамдар алыс болгон өзгөчөлүктөргө ээ адамдардын дүйнөсү менен тааныштырууга жардам берет. Кененирээк бул жерде: https://asiaplustj.info/ru/news/life/culture/20210203/v-hudzhande-vpervie-proshel-inklyuzivnii-spektakl

Соцуим

Өзбекстанда санитардык-эпидемологиялык бүтүмгө дал келген продукциялардын тизмеси бекитилди. Өкмөттүн “Өзбекстан Республикасынын шайкештик бүтүмү берилүүгө тийиш болгон шайкештиги баалана турган объекттердин тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому кабыл алынды. Кененирээк шилтемеде: https://nuz.uz/obschestvo/1186897-v-uzbekistane-utverzhden-perechen-produkczii-sootvetstvuyushhej-sanitarno-epidemiologicheskomu-zaklyucheniyu.html 

Экология: 

Түркмөнстанда Каспий деңизинин жээгинде жүздөгөн деңиз тюлендер менен миңдеген балыктардын өлүгү ыргытылган. Деңиз чек ара кызматынын өкүлү купуя калуу шарты менен айтып берген маалыматы боюнча, бийлик бул окуяны жашыруун кармап, деңиз жаныбарларынын массалык кырылуусунун себебин иликтегенге аракет кылып жатат. Өткөн жылдын аягында да Россия Федерациясынын Дагестан Республикасында Каспий деңизинин батыш жээктеринен жүздөгөн өлгөн тюлендер табылган. Кененирээк бул жерде: https://rus.azathabar.com/a/31086028.html 

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.