Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Билим берүү министрлиги: мектептерде жолук салууга чектөө жок

03.02.2021 • 08:11

Билим берүү жана илим министрлиги Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен биргеликте билим берүү мекемелеринде жоолук салынууга эч кандай чектөө жок экендигин түшүндүрдү. Бул тууралуу Марал FM радиосу билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык, жарандар жынысына, улутуна, тилине, социалдык жана мүлк абалына, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгенине, ишинин түрүнө жана мүнөзүнө, дин тутуусуна, саясий жана диний ынанымдарына, жашаган жерине жана дагы башка жагдайларга карабастан билим алууга укуктуу. 

2015-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары үчүн мектеп формасына бирдиктүү талаптар бекитилген. Бул чечимге ылайык, спорттук кийимдерди жана бут кийимдерди, джинсы кийимдерин, пляж кийимдерин, үй кийимдерин жана бут кийимдерин кийүүгө болбойт. Өкмөттүн аталган чечиминде баш кийим (калпак, жоолук, орогуч, бандана ж.б.), ободок кийүүгө (тагууга) эч кандай чектөөлөр камтылган эмес.

Ошентип, билим берүү тутуму жоолук салынган студент кыздардын билим алуу укугун камсыз кылууга милдеттүү. Ал эми билим берүү мекемелеринин кызматкерлери сапаттуу билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө багыт алышы керек, бул алардын түздөн-түз милдети.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.