Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 25.01 - 01.02. 2021-ж.

02.02.2021 • 07:50

Кымбаттуу досум!

Апта кандай өттү? Улам барган сайын күн жылуу болуп баштаганын байкап жатасыңбы, демек жакында жаз келет! Ура! Бир айдан кийин суук күндөр бүтөт...

Кел мен сага Борбор Азия өлкөлөрүндө кандай жаңылыктар болгонун айтып берейин анда.

Кеттик! 

 

Билим берүү

Тажикстанда жыл мугалими өз окуучуларына дарыгер болууга көмөктөшүүдө. Азизбектин айтымында, мугалим болуу анын бала кезден берки кыялы болгону менен, ал таптакыр башка кесипти тандап калышы мүмкүн болгон мезгилдер да өткөн. Кененирээк шилтемеде: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210126/kak-uchitel-goda-v-tadzhikistane-pomogaet-svoim-uchenikam-stat-vrachami

Tajrupt.ai Тажикстанда биринчи жасалма интеллект академиясын ишке киргизүүдө (AI Academy), ал жерде окуучуларды жана студенттерди жасалма интеллект жана маалыматтарды анализдөө жаатында окутушат. Андан соң келечектүү адистер Тажикстандын алдыңкы компанияларынан акы төлөнө турган стажировкалардан өтүшөт. Кененирээк бул жерде: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210128/tajruptai-zapuskaet-v-tadzhikistane-pervuyu-akademiyu-iskusstvennogo-intellekta

«Узбеккино» Улуттук агенттигинде Өзбекстандын искусство жана маданият Мамлекеттик институту менен кызматташтык боюнча меморандумга кол коюшту. Эми Өзбекстандын студенттери «Узбеккино» долбоорлоруна катыша алышат. Кененирээк шилтемеде: https://nuz.uz/obschestvo/1186434-studenty-uzbekistana-smogut-prinimat-uchastie-v-proektah-uzbekkino.html 

Түркмөнстандын чыгыш региондорундагы жалпы билим берүү мектептеринде окуучуларды нравалык жактан тарбиялоо боюнча ишмердүүлүк жандандырылды. Мектептерде билим берүү башкармалыгынын, полиция жана аялдар кеңештеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйындар өткөрүлүүдө. Чиновниктердин пикири боюнча, соцтармактар жана ТВ окуучулардын моралдык келбетине терс таасирин тийгизүүдө. Кененирээк бул жерде: https://rus.azathabar.com/a/31075710.html 

2021-жылы Россия  жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн Өзбекстандын студенттерине квотаны кескин көбөйттү. Россия окуу жайларында 405 өзбекстандык студент акысыз билим ала алат. Кененирээк бул жерден окугула: https://nuz.uz/obschestvo/1186488-rossijskie-vuzy-pochti-vdvoe-uvelichili-kvoty-dlya-besplatnogo-obucheniya-uzbekistanczev.html  

Түркмөнстандын улуттук коопсуздук министрлиги англис тилинде эркин сүйлөгөн студенттерди быйыл Ашхабадда өтөт деп болжонуп жаткан эл аралык спорттук мелдештерге даярдоодо. Кененирээк бул жерде: https://rus.azathabar.com/a/31073983.html 

Адам укуктары

Института Медиа Полиси эксперттери Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Тактап айтканда, “Расалык, этникалык, улуттук, диний жана региондор аралык кастыкты тутандыруу” аттуу 313-беренеге өзгөртүүлөр сунушталууда.  Юрист Акмат Алагушевдин айтымында, эгер адам бул берене боюнча биринчи жолу жоопкерчиликке тартылып жаткан болсо, анда анын аракеттери жорук катары каралашы керек деген өзгөртүү киргизүү зарыл. Кененирээк бул жерде: https://24.kg/obschestvo/181561_vozbujdenie_etnicheskoy_vrajdyi_ekspertyi_predlagayut_popravki_vugolovnyiy_kodeks/ 

БУУнун өнүктүрүү программасы (ПРООН) Тажикстандын өзгөчө кырдаалдар боюнча Комитети менен биргеликте республикадагы көптөгөн коркунучтардын ыктымалдыгын баалай турган биринчи Жалпы Республикалык платформаны ишке киргизишти. Бул платформа кызыктар тараптар, коркунучтарды баалоо боюнча адистер жана чечим чыгара турган адамдар тарабынан ландшафттык пландоону жакшыртуу үчүн коркунучтардын ыктымалдыгын анализдөөдө визуалдык анализдин куралы катары колдонууга арналган. Кененирээк шилтемеде: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/20210129/v-tadzhikistane-zapustili-pervuyu-onlain-platformu-otsenki-riskov-opasnostei

Түркмөнстанда полиция жана коопсуздук күчтөрү исламды карманган адамдардын артынан түшүп, аларды алкоголь ичүүгө, сакалдарын алдырууга мажбурлап жатат. Азатлык радиосунун кабарчылары билдиргендей, рейддер мезгил-мезгили менен өткөрүлүп, коопсуздук күчтөрү эми динге берилген жарандарды аныктоо үчүн атайын маалымат ташыгычтарды активдүү колдоно башташты. Кененирээк шилтемеде: https://rus.azathabar.com/a/31066235.html 

Социум

Казак тилин латын графикасына өткөрүү боюнча Улуттук комиссиянын жыйынында латынча казак алфавитинин жаңы варианты сунушталганы Казакстандын өкмөтүн сайтында кабарланды.  Кененирээк шилтемеде: https://informburo.kz/novosti/novyj-variant-kazahskogo-alfavita-na-latinice-prezentovali-v-pravitelstve  

5 жашар тажик кызы Екатеринбургдагы бала бакчада достук фестивалын өткөрүүгө демилгечи болду. “Түбөлүк достук – бала бакчадагы Тажикстандын улуттук күнү” аттуу тажик-россия достук фестивалы Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарынын Киров районундагы №208-бала бакчада болуп өттү. Кененирээк бул жерде: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210130/5-letnyaya-tadzhikskaya-devochka-stala-initsiatorom-festivalya-tadzhiksko-rossiiskoi-druzhbi-v-detsadu-ekaterinburga

Өзбекстанда 1-февралдан баштап кагаз түрүндөгү айлык жүргүнчү билеттер (студенттик, мектеп окуучулары жана пенсионерлер үчүн жана жалпы билеттер) сатыкка чыгарылбайт. Кененирээк бул жерде: https://nuz.uz/obschestvo/1186041-v-uzbekistane-ostanovyat-prodazhu-bumazhnyh-proezdnyh.html 

Transparency International уюмунун 2020-жылга карата дүйнөдөгү коррупция жөнүндөгү отчетунда Түркмөнстан 180 өлкөнүн ичинен 165-орунга ээ болду. Түркмөнстан 100 баллдан 16 балл алып,  “Чыгыш Европа жана Борбор Азия” өлкөлөрүнүн ичинен коррупциянын деңгээли боюнча 1-орунда. Кененирээк шилтемеде: https://rus.azathabar.com/a/31074365.html 

Пандемия 

Түркмөнстанда Россиянын “Вектор” аттуу вирусология жана биотехнология боюнча Мамлекеттик борбору тарабынан өндүрүлгөн россиялык экинчи вакцина каттоодон өттү.  Кененирээк бул жерде: https://informburo.kz/novosti/turkmenistan-pervym-v-mire-zaregistriroval-rossijskuyu-vakcinu-epivakkorona 

Бүгүн (1-февраль) Казакстанда россия өндүрүшүнөн чыгарылган "Спутник V"  вакцинасы менен калкты коронавируска каршы  эмдөө башталды. Кененирээк бул жерде: https://informburo.kz/novosti/v-kazahstane-nachinaetsya-vakcinaciya-naseleniya-protiv-covid-19 

Чет өлкөгө окууга кетип жаткан түркмөн студенттери ошол өлкө колдонгон коронавируска каршы  вакцина менен эмдөөдөн өткөрүлөт. Мындай тапшырманы 28-январда өткөн жумушчу видеожыйында президент Гурбангулы Бердымухамедов саламаттыкты сактоо жана медициналык өнөр жай министри Нурмухаммет Аманнепесовко берди. Кененирээк бул жерде: https://asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20210129/v-turkmenistane-nachnut-vaktsinirovat-studentov-viezzhayutshih-na-uchyobu-za-rubezh

Экология 

Дүйнөдөгү ири шаарлардын ичинен абанын сапаты боюнча World Air Quality рейтингинде Бишкек 1-орунда турат. Шаардын бул боюнча статусу “коркунучтуу” (hazardous) деп белгиленген. Абанын сапатынын индекси, сайттын маалыматы боюнча, 497 барабар (AQI). Кененирээк шилтемеде: https://24.kg/obschestvo/181281_zagryaznenie_vozduha_vbishkeke_uroven_ostaetsya_opasnyim_dlya_zdorovya/ 

Кыргызстанда 18 жашка чейинки жаштардын 62% климаттын өзгөрүшү – бул чукул аракеттерди талап кылган глобалдык маселе деп эсептейт.  Бүгүн “Климат маселеси боюнча улуттук добуш берүү” сурамжылоолорунун жыйынтыктары жарыяланды. 50 өлкөнү камтыган иликтөөдө 18 жашка чейинки жарым миллиондон ашуун жаштар катышкан, анын ичинде кыргыз жаштары да бар. Кененирээк бул жерде: https://24.kg/obschestvo/181518_dve_treti_yunyih_kyirgyizstantsev_schitayut_izmenenie_klimata_globalnoy_problemoy/ 


 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.