Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 11-18 -  январь, 2021-ж.

20.01.2021 • 06:39

Кымбаттуу досум!

Иштериң кандай? Окуудагы биринчи апта кандай өттү? Кел мен сага Борбор Азияда өткөн аптада кандай окуялар болгонун айтып берейин!

Кеттик эмес!

 

Билим берүү

Кыргызстанда альтернативдүү олимпиада башталды. Бул туурасында билим берүү жана илим Министрлигинин басма-сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматына ылайык, олимпиада 5 сабак боюнча (математика, физика, химия, биология жана информатика) төрт этап менен өтөт. Кененирээк шилтемеде: https://24.kg/obschestvo/180216_vkyirgyizstane_startovala_alternativnaya_olimpiada_dlya_shkolnikov/

Өзбекстандын президенти  Шавкат Мирзиёев 2025-жылга чейинки шахматты өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны бекитти, деп билдирет  Фергана МА.  Документте каралгандай, бардык мектептерде “Дене тарбия” сабагынын алкагында экинчи, үчүнчү жана төртүнчү класстын окуучулары шахмат үйрөнүшөт. Бул максаттар үчүн бюджеттен 20 млрд.сум  ($1,9 млн) бөлүнүп, мектептер окуу китептери, магнит жана шахмат доскалары жана башка керектүү жабдыктар менен камсыз кылынат. Кененирээк макалада: https://asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20210116/v-uzbekistane-shkolnikov-na-urokah-fizkulturi-budutobuchat-shahmatam

Бишкек мектептеринде төрт класстын окуучулары 18-январдан баштап салтуу окуу формасына кайтышат. Бул туурасында  24.kg агенттигине борбор калаанын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева билдирген. Анын айтымында, сөз 1, 5, 9 жана 11-клсстардын окуучулары туурасында болуп жатат. Кененирээк шилтемеден окугула: https://24.kg/obschestvo/179783_shkolyi_vbishkeke_nachnut_poetapno_vozvraschatsya_koflayn-obucheniyu_s18yanvarya/

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында жана коллеждеринде экинчи жарым жылдыкта окуу процесси аралаш формада  башталууда— онлайн  жана офлайн. Бул туурасында пресс-конференцияда билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди. Кененирээк бул жерде:

https://24.kg/obschestvo/179811_vuzyi_ikolledji_sovtorogo_polugodiya_pereydut_nasmeshannyiy_format_obucheniya/

Кыргызстандын билим берүү жана илим министри жогорку окуу жайлардын, коллеждердин жана кесиптик лицейлердин студенттери үчүн билим алуунун үч вариантын иштеп чыкты. Ведмоство башчысынын орун басары билдиргендей, экинчи жарым жылдыкта аталган билим берүү мекемелеринде окуу процесси аралаш форматта башталууда — онлайн жана офлайн. «Эгер эпидемиологиялык кырдаал начарлап кете турган болсо, кайрадан аралыктан окуу форматына өткөрүлөт», — деди ал. Кененирээк бул жерде:

https://24.kg/vlast/179835_COVID-19_ministerstvo_obrazovaniya_razrabotalo_tri_varianta_obucheniya_studentov/

Казакстандын мектептери бүтүрүүчү класстарда кайсы сабактар штаттык режимде берилээрин өз алдынча аныкташат, деп билдирди билим берүү жана илим вице-мнистри Шолпан Каринова. 11- январдан тартып жалпы билим берүү мектептерде 9 жана 11-класстардын окуучулары, эл аралык мектептердин 10 жана 12-класстарынын окуучулары үчүн окуу салттуу түрдө башталган. Сабактардын 70% штаттык форматта өтүлүүдө, 30% дистанттык түрдө уланууда. Кененирээк шилтемеде: https://informburo.kz/novosti/mon-shkoly-sami-opredelyayut-kakie-predmety-v-vypusknyh-klassah-budut-prepodavat-v-tradicionnom-formate

 Казакстандын билим берүү министрлиги мектепке алып келүүгө тыюу салынган буюмдардын тизмесин түздү. Министрликтин мындай буйругу   "Открытые НПА" порталында жарыялланган.

"Билим берүү мекемелеринде жана анын аймагында алып келүүгө тыюу салынган, колдонууга чектөө коюлган буюмдар менен предметтердин тиркелген тизмеси бекитилсин ", – деп айтылат документте. Кененирээк шилтемеде:

https://informburo.kz/novosti/mon-ob-ispolzovanii-telefonov-v-skolax-lyubaya-organizaciya-obrazovaniya-mozet-vvesti-ograniceniya

Документке шилтеме бул жерде: https://legalacts.egov.kz/npa/view?id=6347415

Өзбекстандын Куралдуу Күчтөр Академиясында өткөн Коопсуздук Кеңешинин кеңири жыйынында сүйлөгөн сөзүндө президент аскердик билим берүү системасында башталган реформаны улантуунун зарылдыгын баса белгиледи. Аскердик орто окуу жайлардын жана лицейлердин, анын ичинде  «Темурбеклар мактаби» аскердик-академиялык лицейлердин ишмердүүлүгүн жакшыртуу маанилүү экенин баса белгиледи Шавкат Мирзиёев. Студент жаштар арасында улуттук сыймык, Мекенине болгон сүйүү жана берилгендик, калыстык сезимдерин күчөтүү үчүн мамлекет башчысы ата-баба мурастарын колдонууну сунуштады, маселен Жалолиддин Мангуберди, Амир Темур, Шохрух Мирзо, Захириддин Мухаммад Бабурдун кол башчылык искусствосун белгилеп өттү. Кененирээк бул жерде:

https://nuz.uz/obschestvo/1184664-shkoly-v-uzbekistane-zakrepyat-za-komandovaniyami-voennyh-okrugov.html

Адам укуктары

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун иликтөөчүлөрү дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча 2020-жыл үчүн отчетун жарыялады. Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан туурасында эмнелер айтылган? Отчет туурасында кененирээк бул жерде: https://rus.azathabar.com/a/hrw-central-asia-problems/31049407.html

Социум

Түркмөнстан журналистери кабарлагандай, соңку күндөрү таштанды төккөнү келген жергиликтүү тургундарга аялдар келип, калдыктарды ыргытпастан аларга берүүнү суранган учурлар  көбөйдү. Кененирээк бул жерде: https://rus.azathabar.com/a/31046822.html

Казакстан менен Өзбекстан эки өлкөнүн кызыктуу жерлери боюнча биргелешкен турлардын программасын даярдап жатат. Долбоордун маанилүү бөлүгү  - туристтер үчүн чек арадан өтүүнү жеңилдетүү. Кененирээк бул жерде: https://nuz.uz/sport/1185215-na-granicze-uzbekistana-i-kazahstana-sozdaetsya-turisticheskij-koridor-gotovitsya-sovmestnaya-programma-video.html

2021-жылы Тажикстан кандай майрамдарды белгилейт? Жообу шилтемеде: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210113/kakie-prazdniki-tadzhikistan-otmetit-v-2021-godu

Түркмөнстанда ушул күндөрү мамлекеттик уюмдардын жана жеке ишканалардын кызматкерлеринен 2021-жылдын белгисин жана президент Гурбангулы Бердымухамедовдун жаңы  портреттерин сатып алууга  акча чогултуп жатышат. Бул өлкөдө ар бир жылды жаңы лозунг менен тосуу салтка айланган. 2021-жылга президент Гурбангулы Бердымухамедовдун сунушу менен  «Түркмөнстан – тынчтыктын жана ишенимдин Мекени» деген ураан тандалып алынган. Буга чейин БУУнун Башкы Ассамблеясы Түркмөнстандын демилгеси менен «2021-жыл – тынчтык менен ишенимдин эл аралык жылы» аттуу резолюция кабыл алган болчу. Бул чечимдер жана ураандар түркмөн элинин жашоосуна кандай таасир берээри азырынча белгисиз. Кененирээк бул жерде: https://rus.azathabar.com/a/31046362.html

Түркмөнстандын жашоочулары мамлекеттик дүкөндөрдөн нан сатып алуу үчүн малымкат көрсөтүү керектигине даттанышууда жана мындай маалымкат алуу оңой эмес экенин айтышат. Кененирээк шилтемеде: https://rus.azathabar.com/a/31043519.html

Технологиялар

Тажикстан өкмөтү салык мыйзамдарына «Google салыгы» деп атанган салыкты кабыл алууга байланыштуу өзгөртүүлөрдү жактырды. Сөз интернеттеги бардык электрондук төлөмдөр туурасында болуп жатат. Соцтармактардагы реклама, онлайн-оюндар, чет өлкөлүк домендер жана хостингдер үчүн төлөмдөрдү 15-январга чейин төлөө керектиги жөнүндө билдирүү электрондук капчык колдонуучуларынын бардыгына жөнөтүлгөн. Кененирээк бул жерде: https://your.tj/vlasti-tadzhikistana-utverdili-nalog-na-google/?fbclid=IwAR2xoXKoMbs_9yrEnm2aPrwAv0lhT1CS8UVjZaMTFtloAt19wxCgKFo9WZQ

Тажикстандагы кеңири белгилүү болгон социалдык тармактар Facebook менен Instagram эки күндөн бери көпчүлүк колдонуучуларда же ачылбай же үзгүлтүк менен иштеп жатат. Аталган социалдык тармактарга кирүүдөгү кыйынчылыктар туурасында биринчи болуп Instagram  колдонуучулары билдирип чыгышкан. Алар лента жаңыланбай, стористер жүктөлбөй жатканына даттанышкан. Кийинчерээк  Facebook менен Facebook Messenger колдонуучулары публикацияларды жарыялоо мүмкүн болбой жатканын жана мессенжер менен кат алышууга мүмкүн болбой жатканын айтып чыгышты. Ошондой эле жашоочулар интернеттин сапатынын начардыгына жана ылдамдыгынын өтө жай экенине даттанышкан. Кененирээк бул жерде

: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210112/pochemu-v-tadzhikistane-ne-otkrivayutsya-facebook-i-instagram

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.