Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

New York Times гезити Кыргызстанды 2021-жылы саякаттай турган өлкөлөрдүн катарына киргизди

13.01.2021 • 09:06

New York Times гезити Кыргызстанды "2021-жылы сүйүү үчүн" өлкөлөрдүн тизмесине киргизген. Кыргызстан жөнүндө макала гезиттин сайтында жарыяланды.

Америкалык басылма жыл сайын дүйнө жүзү боюнча эң мыкты саякаттоочу жерлерди тандап алат. Тизменин үстүндө эл аралык авторлор, фотографтар жана редакторлор иштешет. Бирок быйыл New York Times гезити окурмандарынан өткөн жылы суктанган жана  шыктанган жерлери менен бөлүшүүнү суранды.

Өзүнүн материалында басылма пандемия аяктагандан кийин көрүүгө арзый турган 52 жердин тизмесин жарыялаган. Түндүк Кыргызстан дагы тизмеге киргизилген.

Белгиленгендей, Индиядагы The Egg Factory ресторандар тармагынын негиздөөчүсү Йогеш Мокаши Кыргызстан жөнүндө жазып, Түндүк Кыргызстанга барууну сунуштаган.

“Мен 48 жаштамын, өмүрүмдө биринчи жолу кар сыяктуу нерсени көрдүм. Үч-төрт саат айдап, бир дагы адамды жолуккан жокпуз. Төрт түндү боз үйдүн лагеринде өткөрдүк, меймандостугу таң калтырды. Ал эми бул өлкөнүн түндүк бөлүгү эле! Калгандарын изилдеп кайтып келгим келет, жакын арада үмүттөнөм .”, - Йогеш Мокаши
 

Бара турган жерлердин тизмесине Байкалдагы Олхон аралы, Япониянын Хоккайдо шаары, АКШнын Мичиган көлү, Финляндиянын Турку шаары жана башка жерлер кирди.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.