Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 4-11-  январь, 2021-ж.

13.01.2021 • 09:03

Кымбаттуу досум!

Жаңы жылың менен куттуктайм! 

Сага 2021-жылдагы биринчи дайжестти сунуштайм.

Кеттик анда! 


 

Билим берүү

Тажикстанда Facebook беттеринде мектеп жетекчилигинин же классташтарынын акыйкатсыз мамилелерине кабылган балдардын ата-энелеринин ачуулуу посттору көп кездешет. Ата-энелер балдарын коргойбуз деп жатып көп учурларда өзүлөрү да чектен чыгып кетишет. Кененирээк шилтемеде: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210111/rebenka-travit-uchitel-obyasnyaem-kak-pravilno-ego-zatshitit

asiaplustj.info порталынын журналисттери  Тажикстан жаштары үчүн компьютердик сабаттуулук жана программалоо боюнча  акысыз билим алуу туурасындагы маалыматтарды топтоп чыгышты. Кененирээк макалада: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210108/razvitie-it-v-tadzhikistane-gde-mozhno-obuchitsya-programmirovaniyu

Өзбекстандын элдик билим берүү министрлиги мектеп окуучулары үчүн онлайн билим алуу мүмкүнчүлүгүн калтырууну чечти. Бирок ата-энелер үйүндө бардык тиешелүү шарттарды түзүп берүүгө милдеттенет. Кененирээк бул жерде: https://nuz.uz/obschestvo/1184372-roditelyam-razreshili-ne-otpravlyat-detej-v-shkolu-no-na-opredelennyh-usloviyah.html 

Өзбекстанда мектептерди берген билиминин сапатына жараша ар кандай түскө бөлүүнү пландаштырышууда. Бул туурасында бирифинг учурунда элдик билим берүү министри Шерзод Шерматов билдирди. Кененирээк макалада: https://nuz.uz/obschestvo/1184231-v-uzbekistane-shkoly-razdelyat-po-czvetam-v-zavisimosti-ot-kachestva-obrazovaniya.html 

Кыргызстандын илим жана билим берүү министрлиги мугалимдерге квалификациялык категорияларын кайра кайтарууда. Мектептерди жана мугалимдерди 2021-жылы дагы кандай жаңычылыктар күтөт, бул жерден окугула: https://24.kg/obschestvo/179545_ministerstvo_obrazovaniya_inauki_vozvraschaet_uchitelyam_kvalifikatsionnyie_kategorii/ 

Адам укуктары

Ашхабад полициясы 40 жашка чейинки аялдардын айдоочулук күбөлүгүнүн мөөнөтүн узартууга документтерди кабыл ала баштады. Декабрь айынын башында эки жылдык тыныгуудан кийин аялдардын айдоочулук күбөлүктөрүнүн мөөнөтүн узартуу кайра жандандырылганы кабарланган. Бирок анда 40 жаштан өйдөкү гана аялдардын арыздары кабыл алынаары белгилүү болгон эле. Кененирээк бул жерде: https://rus.azathabar.com/a/31034638.html 

Расмий түрдө коронавирус жуктурган бир да учур катталбаган Түркмөнстан 2021-жылды катуу чектөөлөрдүн шартында тосту. Азаттык Радиосунун кабарчылары билдиргендей, майрам күндөрү карантин шартын бузган ондогон адамдар камалган. Кабарчылардын айтымында, жаңы жыл тосууга коңшусунукуна барган Фарапанын бир нече тургуну полиция тарабынан кармалып, дүйшөмбү күнгө чейин үйлөрүнө кайтууга уруксат берилген эмес. Карантин шарттарын бузуп кармалгандардын жана айыпталгандардын иши 4-январда райондук сот иштеп баштаганда каралат. Алар айып төлөө боюнча чечим чыгарылгандан кийин гана бошотулат. Кененирээк шилтемеде: https://rus.azathabar.com/a/31032990.html 

Тажикстандын Парламентинин кароосуна  Үй-бүлөлүк кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар жөнөтүлдү. Өкмөт сунуштаган өзгөртүүлөрдө ата-энелик укуктан ажырата турган адамдардын тизмесин кеңейтүү каралган. Жалпысынын 9 беренеге өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда, ошондой эле дагы эки жаңы бөлүм кошулат. Кененирээк бул жерден окугула: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210111/v-tadzhikistane-za-seksualnie-domogatelstva-v-otnoshenii-detei-namereni-lishat-roditelskih-prav

Маданият

Душанбе расмий түрдө 2021-жылы  КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору деп аталды, ошондой эле Экономикалык Кызматтыштык Уюмунун (ОЭС) версиясы боюнча туристтик шаар деп табылды. Бул туурасында КМШ Исполкомунун сайтында айтылат. Кененирээк шилтемеден окугула: https://asiaplustj.info/ru/news/life/culture/20210106/dushanbe-obyavlen-kulturnoi-stolitsei-sng-v-2021-godu

Казакстан кинотеатрлары 1-февралдан тартып 3-5 айга жабылышы мүмкүн, бул туурасында “Казакстандагы кинотеатр ээлеринин ассоцациясынын” президенти Мунира Ягудина маалымдады.  Убактылуу жабылууга бир нече жагымсыз факторлор себеп болгонун белгилейт ассоцация башчысы. Алардын бири – жаңы фильмдердин жоктугу, анткени Голливуддун негизги студиялары жазгы премьераларды күзгүгө жылдырган. Кененирээк бул жерде: https://informburo.kz/novosti/alyans-kinoteatrov-kazahstana-bolshinstvo-uchastnikov-za-ih-zakrytie-s-1-fevralya-potomu-chto-soderzhat-dorozhe 

Пандемия

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун Европа боюнча регионалдык директору Ханс Клюге Түркмөнстан алигиче коронавируска тесттерди ДСУнун чет өлкөлөрдөгү лабораторияларына жөнөтүү боюнча эч кандай чара көрбөгөнү өкүнүчтүү деп билдирди. Кененирээк шилтемеде: https://rus.azathabar.com/a/31038408.html 

Экология: 

«Шаар парктары» муниципалдык ишканасы  «Өз дарагыңды отургуз» аттуу жашыл акциясын улантууда. Бул туурасында Бишкек мэриясынын басма-сөз кызматы билдирет. Алардын маалыматы боюнча, акциянын алкагында каалаган жаран же уюм борбордун жаңы парктарына дарак отургуза алат. Акция тууралуу кененирээк: https://24.kg/obschestvo/179494_vbishkeke_prodoljaetsya_aktsiya_posadi_svoe_derevo/ 

 

Биз менен болгонуң үчун рахмат!

Дагы бир жолу ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢ МЕНЕН! 

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.