Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Кыргызстандык IlimBox глобалдык санариптик билим берүү демилгелеринин тизмесине кирди

13.01.2021 • 08:48

Дистанттык билим берүүнү өнүктүрүү боюнча глобалдык демилгелердин тизмесине Кыргызстандын интернет коомчулугу тарабынан иштелип чыккан IlimBox окуу колдонмосу киргизилген. Бул тууралуу Reuters кабарлайт.

IlimBox - бул Кыргыз Интернет Коомунун (ISOC) командасынын билим берүү долбоору. Платформа электрондук китепкана болуп саналат жана Интернет туташуусуз кыргыз, орус жана англис тилдериндеги билим берүүчү материалдардын негизги булактарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.

Кыргыз Интернет коомунун төрагасы Талант Султановдун айтымында, бул шайман интернетте отурбай, студенттерге окуу материалдарын, мисалы, кыргыз тилиндеги окуу китептери жана окуу видеолорун смартфондоруна жүктөп алууга мүмкүнчүлүк берет.

Санариптик билим берүү тармагындагы каттарга Ilimboxдон тышкары, дүйнө жүзү боюнча алты демилге кирди. Мисалы, Колумбияда кургакчыл Ла Гуаджира провинциясынан жүздөгөн балдар планшеттерди жардам катары алышкан. O-Lab тиркемесинин жардамы менен, балдар илимден музыкага чейинки сабактарды окушат, жана ошондой эле COVID-19 алдын алуу боюнча маалымат алышат жана интернет байланышы жок испан тилинде жана өз эне тили Ваюунаикиде билим алышат.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.