Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 21-28 декабрь, 2020-ж.

29.12.2020 • 16:37

Кымбаттуу досум!

Келе жаткан жаңы жылың менен куттуктайм! 

Бул жылы бардык аруу тилектериң орундалсын 

Азыр болсо сага биздин чөлкомдө кандай бул аптада кандай окуялар болгонун, Борбор Азия медиасы эмне туурасында жазганы жөнүндө айтып берейин. 

Кеттик анда! 

P.S. Бул өтүп бараткан жылдагы акыркы дайжест...

 

Билим берүү

Президенттин милдетин аткаруучу парламенттин спикери Талант Мамытов 2019-2020-окуу жылында мыкты деп табылган өлкөнүн жогорку окуу жайларынын 70 студентине президенттик стипендияларды тапшырды. Бул туурасында президенттин басма-соз кызматы билдирет. Кененирээк шилтемеде: https://24.kg/obschestvo/178048_vkyirgyizstane_70studentov_iz29vuzov_poluchili_prezidentskuyu_stipendiyu/ 

Окутуучулук ишмердүүлүктү жакшыртуу максатында Россия жыл сайын Өзбекстандын мектептерине 100 мугалим жөнөтүп турат.Россиялык мугалимдердин биринчи тобу 2021-жылдын январь айында келет. Кененирээк бул жерде:  https://nuz.uz/obschestvo/1182582-v-shkoly-uzbekistana-ezhegodno-budut-napravlyatsya-100-rossijskih-uchitelej.html 

Түркмөнстандын айрым жогорку окуу жайларынын студенттери майрамдарда үйлөрүнө бара алышпайт. Мектептерде каникулдар узартылды. Ишканаларда майрамдар, корпоратив, чай ичүүлөргө тыюу салынды. Жеке кечелер, үйлөнүү үлпөт жана кара аш өткөрүүгө да уруксат жок. Өлкө бийликтери мейманчылаганды токтотууга кеңеш берип, беткап кийүү боюнча катуу көзөмөл режимин киргизген. Мындай чараларды курч жугуштуу ооруларды алдын алуу чарасы катары түшүндүрушүүдө. Коронавирус боюнча мурдагыдай эле эч сөз кылынбайт. Кененирээк бул жерден окугула: https://rus.azathabar.com/a/31018626.html 

Адам укуктары

Өзбекстанда жалаа жабуу жана ар-намыска шек келтирүүгө каралган жазаны жумшартуу боюнча өзгөртүүлөр кабыл алынды. Мындай өзгөртүүлөр “Өзбекстан Республикасынын Кылмыш Кодексине, Кылмыш-процессуалдык Кодексине жана административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексине өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнундө” мыйзамында каралган. Кененирээк шилтемеде: https://nuz.uz/sobytiya/1183196-v-uzbekistane-otmenili-ugolovnoe-nakazanie-za-klevetu-i-oskorbleniya.html 

Технологиялар 

Казакстандык студенттерге эми студенттик билетти дайым көтөрүп жүрүү зарылдыгы жок, анткени студенттик билет электрондук өкмөттүн уюлдук тиркемесинде пайда болду. Бул жаңычылдык туурасында кененирээк маалымат бул жерде: https://informburo.kz/novosti/studenceskii-elektronnyi-bilet-teper-dostupen-v-mobilnom-prilozenii-egovkz 

Казакстандын билим берүү министри билим берүү процессин толугу менен дистанттык технологиялар аркылуу ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин моюндады. Өлкөнүн башкы мугалими эмне учун мындай деп эсептейт? Бул жерден окугула: https://informburo.kz/novosti/glava-mon-peredavat-obrazovatelnyj-process-polnostyu-cherez-distancionnye-tehnologii-nevozmozhno 

ЮНЕСКОнун Алматыдагы кластердик бюросу тарабынан Уюмдун COVID-19 кризисине каршы жооптуу иш чарасы катары  жана пандемиянын терс кесепеттерине туруштук берүү үчүн чөлкөмдүн жаштарынын билимдери менен көндүмдөрүн жакшыртуу максатында Борбор Азиялык жаштар мейкиндиги түзүлдү  (Central Asian Youth Space). Коопсуз онлайн мейкиндик  болуп саналган CAYSPACE долбоорунун бет ачары  2020-жылы 22-декабрда  пресс-брифинг учурунда өттү. Кененирээк бул жерде: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20201223/yunesko-zapustila-platformu-dlya-besplatnogo-onlain-obucheniya-molodezhi-cayspace

Социум 

Кыргызстанда балдар үйүнөн чыккандардын көпчүлүгү үчүн медициналык кызматтар жеткиликтүү эмес  жана турак-жайы жок. Бул туурасында «Оэйсис» коомдук кайрымдуулук фондусунун иликтөөсүндө айтылат. Кыргызстанда 138 ар кандай менчик формасындагы интернаттык балдар мекемелери бар, алардын 66сы жеке менчик. 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча интернеттарда 10 миңден ашуун балдар тарбияланат. Жыл сайын 300-350 бала окуусун бүтүрүп чыгат. Кененирээк бул жерде: https://24.kg/obschestvo/177679_ubolshinstva_vyipusknikov_detskih_domov_net_dostupa_kmeditsinskim_uslugam/  

Өзбекстандын экономикалык өнүгүү жана жакырчылыкты кыскартуу министрлигинин маалымат кызматы билдирүү таратты, анда Өзбекстандын экономикалык өнүгүү жана жакырчылыкты кыскартуу министри Жамшид Кучкаров жана Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча башкы директору (ЮНИДО) Ли Йонг  22-декабрда баштапкы мөөнөтү төрт жылга эсептелген (2020-2024) Биргелешкен декларацияга кол коюшту. Кененирээк шилтемеде: https://nuz.uz/ekonomika-i-finansy/1182690-uzbekistan-i-yunido-podpisali-sovmestnuyu-deklaracziyu.html 

Жаңы жылдан баштап Мары велаятында укук коргоо органдарында эгер бир үй-бүлө мүчөлөрү же туугандар  бир ведомстводо иштеген болсо массалык жумуштан кетирүү орун алмакчы. Азаттык радиосунун Марыдагы кабарчысы күч структураларында иштеген бир нече кызматкерге шилтеме жасоо менен бул туурасында билдирди, укук коргоо органдарынын бардык кызматкерлерине бул боюнча кабарланганы айтылууда, буга байланыштуу жүздөгөн адамдардын жумуштан кетиши күтулүүдө. Кененирээк бул жерде: https://rus.azathabar.com/a/31019380.html 
 

Биз менен болгонуң үчун рахмат!

Эс алууң жакшы өтсүн!

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.