Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Борбордук Азия боюнча жаңылыктардын жыйыны: 2020 жылдын 4-11 - августу

12.08.2020 • 09:16

IT 

 

Тажик бийликтеринин айтымында, интернеттин ылдамдыгынын жай болушу Тажикстандын  географиялык жактан жайгашкан ордуна байланыштуу. Бирок, көз карандысыз эксперттер мындай бүтүм менен макул эмес. Кененирээк  «Радио Озоди» сайтында. 

 

Токаевдин фейк Facebook-аккаунтунда акчалай сыйлыктар убада кылынды. Белгисиз адамдар өлкө президентинин атынан  “коронавирус пандемиясынын убагында элег колдоо көрсөтүү үчүн” деген максатта акчалай сыйлыктарды ойнотушкан.  Бул үчүн колдонуучулар ысымынын биринчи тамгасын жөнөтүп жана ал билдирүүнү репост кылуусу талап кылынган. Мамлекет башында турган адамдардын атынан фейк аккаунт ачкан бул биринчи учур эмес.. 

 

Экология

 

Тажик бийликтери  кытай технологиялары экологияга зыян келтирип жатканын моюндашат, бирок алардын ою боюнча, азырынча “чектен ашкан” деңгээлге жете элек. Кененирээк бул шилтеме боюнч таныша аласыздар. 

 

Кызылкумдун кумдары Ташкентке чейин жетти. Өзбекстандын борборун кум басышы мүмкүнбү жана бул калкка жана экономикага эмне үчүн кооптуу болушу мүмкүн? Бул жерден окугула. 

 

Пандемия / COVID-19

 

Тажикстандын президенти Э. Рахмон бет кап кийүү режимин бузгандарга жана пандемия туурасында жалган маалымат тараткандарга айып салууну колдоду. Эми өлкөдө коомдук жайларда бет кап кийбегендерге 116 сомониден 290 сомониге чейин (11,24 АКШ долларынан 28, 11 АКШ долларын чейин)  айып салына баштайт, ал эми ММКлар аркылуу пандемия туурасында жалган маалымат таратуу үчүн жеке адамдарга 580 сомониден өйдө (56,22 АКШ доллары), юридикалык тараптарга 11 миң 600 сомониге чейин (1124,42 АКШ доллары) айып салуу каралган. Кененирээк бул жерден окуңуздар. 

 

Кыргызстанда  Delo№ гезити, америкалыктар эвакуация кылынгандан кийин өлкөгө короновирус эпидемиясы тарады деп эсептейт. Гезиттин маалыматы боюнча, Бишкектеги АКШ элчилиги алдын ала өз кызматкерлерин массалык түрдө чыгарып кетишкен. Республикадан 31 америкалык дипломат эвакуацияланган. Алардын ичинде – элчиликке жамынган алты ЦРУ кызматкери бар. Кенинирээк  бул жерден Окуңуздар.

 

Казакстанда коронавирустан алгачкы жолу вакцинация жасалды. Эмдөө алган биринчи казакстандык жаран борбордун директору Кайсар Табынов болду. Ага COVAX-19 препараты сайылды. Вакцина Австарлияда жасалып, азыркы учурда клиникалык сыноолордун  биринчи  фазасынан өткөрүлүүдө. 

 

Билим берүү 

 

Кыргызстандын билим берүү министрлиги жаңы окуу жылына карата окутуунун үч сценарийин иштеп чыгышты. Биринчи сценарийде окуу процессин аралыктан уюштуруу боюнча бардык алгоритмдер, кадамдар жана кеңештер камтылган. Экинчиси – жамрым-жартылай аралыктан окутуу, анда аралыктан окутуу технологиялары менен биргеноффлайн режими да колдонулат. Бул сценарий эгер кырдаал жакшы жагына ооп, бирок окуу процессин камсыздоого мүмкүндүк бербеген фактылар болгон учурларда колдонулат. Үчүнчү сценарий – окуу прцессин салттуу форматта уюштуруу. Коронавирустун кайра жайылышын алдын алуу үчүн, салттуу форматта окутууда бардык санитардык талаптардын аткарылышы боюнча билим берүү мекмелерине кеп-кеңештер менен алгоритмдер берилет. 

 

Казакстанда өлкөнүн билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, “жаңы окуу жылынын башында 2,6 млн окуучу дистанциялык форматта окуйт”. Буга чейин Казакстанда кыргызстандык сценарий туурасында ойлонуп жатышкан, бирок азырынча так чечим чыгарыла элек. Кененирээк бул жерде

 

Өзбекстанда жаңы окуу жылын тдистанциялык негизде баштоо пландалууда. Коңшу өлкөлөр сыяктуу эле, Өзбекстандын билим берүү министрлиги окутуунун үч вариантын сунуштап жатат.  


Тажикстанда жаңы окуу жылын бардык санитардык жана социалдык дистанция талаптарын сактоо менен 17-августта эле бштоо болжонууда. Тажик окуучулары кандай шартта окутулаары туурасында бул жерден окуңуздар.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.