Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Тогуз коргоол улуттук оюну адамзаттын маданий мурасы деп таанылды

24.12.2020 • 04:42

Тогуз коргоол кыргыз элдик интеллектуалдык оюну ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген, деп билдирет уюмдун сайты.

Мындай чечим 17-декабрда ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 15-сессиясында кабыл алынды.

"Салттуу интеллектуалдык жана стратегиялык оюн тогуз коргоол, тогуз кумалак, мангала" номинациясы Кыргызстан, Казакстан жана Түркиянын биргелешкен номинациясы.

Тогур коргоол - бул логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүп, оюнчулардын таанып-билүү, кыймылдоо жана социалдык чеберчилигин өркүндөтүүчү элдик логикалык оюну. Оюн ылдамдыкты эсептөөгө гана эмес, тактикага да негизделген.

Kaktus.Media маалымдагандай, буга чейин ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесинде Кыргызстандан “Манас, Семетей, Сейтек” эпосу, акындар өнөрү, кийиз килемдерди жасоо өнөрү, айтуу импровизациясы, жука нан жасоо маданияты, Нооруз майрамы, “Көк-бөрү” улуттук ат оюну, ак калпак баш кийимин жасоо жана кийүү боюнча салттуу билимдер жана көндүмдөр кирген.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.