Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест:  14-21 -  декабрь, 2020-ж.

23.12.2020 • 07:07

Кымбаттуу досум!

Иштериң кандай? Эмне жаңылык бар?

Ал туурасында бизге айтып бер, биз сенин постуң менен соцтармактарда сөзсүз бөлүшөбүз. Биздин хэштегти койгонду унутпа #qleverme

Айтмакчы, сен биздин Инстаграм баракчабызга @qlever.kz жазылгансыңбы? Биз сени күтөбүз :)

Азыр болсо мен сага биздин аймакта бул аптада кандай окуялар болуп өткөнүн, Борбор Азияда медиа эмне туурасында жазганын айтып берейин. Кеттик анда! 

 

Жаштар  

«Өзбекстан жаштары: чакырыктар жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр» аттуу ЮНИСЕФ уюму, «Юксалиш» улуттук кыймылы жана Өзбекстандын жаштар Союзу тарабынан даярдалган докладда, билим берүү жана окуу, кесиптик жашоо жана экономикалык мүмкүнчүлүктөр, санариптик жашоо жана интернет, үй-бүлө жана жарандык активдүүлүк сыяктуу чөйрөлөрдөгү Өзбекстандагы жаш адамдардын абалдары баяндалган. Кененирээк бул жерден окугула: https://nuz.uz/obschestvo/1182243-yunisef-izuchil-problemy-i-perspektivy-razvitiya-molodyozhi-uzbekistana.html 

Дүйнөлүк Банк Тажикстан өкмөтүнө жаштардын зордукчул экстремизмге тартылып кетпеши үчүн калктын аялуу катмарына колдоо көрсөтүү үчүн кошумча чараларды көрүүнү сунуштайт. Таркатылган билдирүүдө айтылгандай, 2020-жылдын башында, али коронавирус пандемиясы баштала электе эле, ДБ  доклад жарыялаган, анда жаштардын радикалдашуусун алдын алуу зарылдыгы туурасында билдирген. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/laworder/20201217/vsemirnii-bank-sovetuet-tadzhikskoi-vlasti-usilit-borbu-protiv-verbovki-molodezhi-ekstremistami

Сөз эркиндиги

Өтүп бара жаткан жылдын 1-декабрына карата кеминде 274 ММК кызматкери абакта кармалууда – бул 1990-жылдан берки эң көп сан. Кененирээк бул жерде:  https://24.kg/obschestvo/176885_etot_god_stal_rekordnyim_pokolichestvu_arestov_jurnalistov/ 

Ирландиялык Ookla компаниясынын белгилүү  Speedtest.net  интернет-сервиси ай сайын чыгып туруучу интернетке кошулуу ылдамдыгынын  Speedtest Global Index аттуу рейтингин жарыялады. Анда 2020-жылдын ноябрь айындагы уюлдук жана стационардык Интернеттин ылдамдыгы боюнча маалыматтар камтылган. 176 өлкөнүм камтыган ноябрь рейтингинде Тажикстан октябрь айындагы 97-орунда 96-орунга көтөрүлгөн. 

Борбор Азия өлколөрүнүн ичинен эң ылдам интернет 65-орундагы Казакстанда жана 76-орундагы Кыргызстанда катталган. Өзбекстан Тажикстандан 2 орун өйдөрөөк, 94-орунда. Түркмөнстан рейтингдин эң артынан орун алган – 176 орун. Кененирээк шилтемеде: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20201217/tadzhikistan-za-poslednii-mesyats-uluchshil-svoyu-pozitsiyu-po-skorosti-interneta

Технологиялар 

"Навои" эркин өнөр жай аймагында "Узбекистон" смартфондору чыгарыла баштады. Эс тутуму 64 ГБ болгон жаңы смартфондорду өндүрүү маалыматтык технологиялар жана коммуникация министрлигинин тапшырмасы менен ишке ашууда жана ички рынокко арналган. Мындай “керемет” 362 доллар турат. Кененирээк бул жерде: https://asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20201216/v-uzbekistane-stali-vipuskat-smartfoni-uzbekiston

Социум 

Түркмөнстан бийлиги чет өлкөлүк фирмалардын чет жердик кызматкерлерине жеке адамдардан батир же турак-жай ижарага алганына байланыштуу кысым көрсөтүүнү токтотту. Кененирээк бул жерде: https://rus.azathabar.com/a/31007186.html 

Түркмөнстанда азык-түлүк каатчылыгы күч алып турган чакта, Лебап велаятынын бийлик өкүлдөрү жергиликтүү жашоочуларга коммуналдык кызмат акылары үчүн карыздарын толук төлөбөгөндөр азык-түлук паегун албайт деп эскертүүдө.  Оор экономикалык кризиске байланыштуу көпчүлүк түркмөн үй-бүлөлөр коммуналдык кызматтар үчүн акыны убагында төлөй албай келишет. Ал ортодо аймактагы мамлекеттик дүкөндөрдө эки айдан бери паек катары бериле турган ун жана май берилбей жатат. Кененирээк шилтемеде: https://rus.azathabar.com/a/31005165.html 

Пандемия 

Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министри менен жогорку, орто атайын билим берүү министри студенттерди жана кызматкерлерди коронавирустан коргоо жөнүндө биргелешкен токтомго кол коюшту. Анда алдын алуу максатында студенттер жана жогорку окуу жайлардын кызматкерлери гидроксихлорохин жана цинк препараттарын ичүүсү зарыл экени айтылат, а эгер коронавирус жукту деп шектелип же жугузуп алса  кошумча дары-дармектерди ичип, айтылган кеңештерди так аткаруу керектиги жазылган. Кененирээк бул жерде: https://nuz.uz/obschestvo/1182191-vuzy-uzbekistana-zakupyat-lekarstva-ot-koronavirusa-dlya-studentov-i-sotrudnikov.html 

Түркмөнстандын жашоочулары коронавирус менен ооруп, дарыланп жана тест кылууну улантышууда. Айрымдар ооруканага жатса, кээ бирлери үйүнөн эле COVID-19 илдетине каршы натыйжалуулугу далилденбеген дары-длармектер менен же элдик медицинанын жардамы менен дарыяланып жатышат. COVID-19 боюнча расмий түрдө диагностика кылуу дагы деле мүмкүн эмес. Кененирээк шилтемеде: https://rus.azathabar.com/a/31007284.html 
 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Аптаң ийгиликтүү жана жигердүү өтсүн! 

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып Qlever ойно!

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.