Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Twitter COVID вакциналары жөнүндө фейктерди өчүрө баштайт

18.12.2020 • 08:21

Твиттер Facebook жана Instagramдан кийин COVID-19 вакциналары жөнүндө туура эмес маалыматтарды камтыган постторду өчүрө баштайт. Бул тууралуу социалдык тармактын блогунда айтылат.

“Кийинки жумадан баштап, биз эң кооптуу адаштыруучу маалыматтарды алып салууга артыкчылык берип, жакынкы апталарда вакциналар жөнүндө адаштыруучу маалыматтарды камтыган твиттерди белгилей баштайбыз”, - деп билдирди социалдык тармак.

Белгиленгендей, Twitter “эмдөө жана вакцина адамдарга атайылап зыян келтирүү же көзөмөлдөө үчүн колдонулат” деген жалган дооматтарды, эмдөөлөрдүн терс таасирлери жөнүндө жалган жана мурда четке кагылган билдирүүлөрдү, коронавирус жок, ошондуктан эмдөө зарыл эмес деген билдирүүлөрдү алып салат.

Эске салсак, буга чейин Facebook жана Instagram социалдык тармактары колдонуучуларды адаштырган коронавирус жана эмдөө жөнүндө камтылган контентти алып салууну чечишкен.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.