Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Кыргызстандык спортчулар  Эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болушту

17.12.2020 • 05:01

Кыргызстандык спортчулар Жоламан Шаршенбеков менен Айсулуу Тыныбекова Сербияда өткөн эркин күрөш боюнча Дүйнөлүк Кубокто алтын медалга ээ болушту.

Kaktus.Media маалымдагандай, Жоламан Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмакта грек-рим күрөшү боюнча мелдешке катышып, 1/8 финалдык баскычта беларусиялык Максим Казарскийди жеңип алган.  Финалдык беттеште Шаршенбеков дүйнө чемпиону, 29 жаштагы орусиялык Степан Марянян менен күч сынашып, 4:4 эсеби менен жеңишке жетти.

Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча жеке Дүйнөлүк Кубоктун алтын медалын жеңип алды. Белградда (Сербия) өткөн мелдештин финалында Латвиянын спортчусу Анастасия Григорьеваны 14: 0 эсебинде жеңип алды. Бул тууралуу ИА 24.kg билдирет. Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде Тыныбекова ага олимпиадалык медаль гана жетишпей жаткандыгын белгиледи.

“Ага жетүү үчүн, мен колумдан келгендин баарын жасайм. Биз буга 10 жылдан бери бара жатабыз. Максатыбызга жеткенге чейин ... Бизде бир гана жол бар - Олимпиада медалына жетүү. Биз Оюндарга жакшы даярданабыз деп ойлойм.”

ТАСС тын маалыматына ылайык, Эл аралык күрөш федерациясы (UWW) айрым катышуучу өлкөлөрдүн баш тарткандыгына байланыштуу Белграддагы Дүйнө кубогунун форматын жеке Дүйнөлүк Кубок-2020 деп өзгөртүү чечимин кабыл алды.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.