Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест:  7-13- декабрь, 2020-ж.

15.12.2020 • 04:15

Кымбаттуу досум!

Сени жана сенин досторуңду Эл аралык адам укуктары күнү менен куттуктайм!

1948-жылы 10-декабрда БУУнун Генералдык ассамблеясы адам укуктарынын Жалпы декларациясын кабыл алган. Адам укуктары жөнүндөгү башкы дүйнөлүк документти даярдоого үч жыл сарпталган, андан соң дагы бир нече ай бою анын текстинин соңку вариантын макулдашуу жүргөн. БУУнун бир жарым миңдей отуруму адамдардын жана жарандардын фундаменталдык укуктары жана эркиндиги жөнүндөгү документти даярдоого арналган.

БУУнун аталган майрамга карата быйыл эмне деп жазганын бул жерден окугула:

https://www.un.org/ru/observances/human-rights-day

Эми болсо, биздин аймакта кандай окуялар болгонун, медиада эмне туурасында сөз кылынганын, адам укуктарына байланыштуу кандай маселелер көтөрүлгөнүн билип алалы. Кеттик анда!

 

Билим берүү

Бул аптада Тажикстандагы БУУнун өнүгүү Программасы  (ПРООН) в «Пешсаф» коомдук уюму менен өнөктөштүктө жана Тажикстандын саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин колдоосу менен калкты маалымдоо боюнча иш чаралардын топтомун жыйынтыктады, ага 3 миңден ашуун жаштар катышып, COVID-19 пандемиясы учурунда жарандар тарабынан колдонулган коргонуу каражаттарын коопсуз жол менен жок кылууга тартылды. Кененирээк шилтемеде: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20201212/studentov-obuchili-metodam-utilizatsii-sredstv-individualnoi-zatshiti

Өзбекстанда мектеп окуучулары бул жылы каникулга эрте чыгышат. Кенже класстар (1 – 4 - класстар) каникулга 25-декабрдан тартып, ал эми жогорку класстар (5 – 11 – класстар) 26-декабрда тарашат. Кененирээк маалымат бул жерде: https://nuz.uz/obschestvo/1181578-shkolniki-vyjdut-na-zimnie-kanikuly-ranshe-obychnogo.html

Кыргызстанда Чыңгыз Айматовдун чыгармалары боюнча аудиоктиептер жыйнагы жарык көрдү. Иш чара жазуучунун туулган күнүнө арналган. Кененирээк шилтемеде: https://24.kg/obschestvo/175909_vkyirgyizstane_prezentovali_sborniki_audioknig_chingiza_aytmatova/

Адам укуктары

Ашхабадда полициянын жол көзөмөл Кызматы 40 жашка чейинки аялдарга айдоочулук күбөлүгүнүн мөөнөтүн узартуудан баш тартууда. Өткөн аптада борбордук полиция аялдардын айдоочулук күбөлүктөрүнүн мөөнөтүн узартууга арыздарды кайра кабыл алып жатыптыр деген билдирүүлөр пайда болгон. Кененирээк бул жерде: https://rus.azathabar.com/a/30988514.html 

Кошмо штаттары Тажикстан менен Түркмөнстанды “эркин дин тутуу укугу орой бузулуп, бул системалык түрдө кайталанып турган” өлкөлөрдүн тизмесине киргизди. Кененирээк шилтемеде: https://rus.azathabar.com/a/30989647.html

Эл аралык адам укуктары күнүнө карата Human Rights Watch Эл аралык адам укуктарын коргоо уюму “Инклюзияны талап кылуу менен: институтционалдаштыруу жана Кыргызстандагы майыптыгы бар балдарга билим берүүдөгү тоскоолдуктар” аттуу докладын жарыялады. Доклад туурасында кененирээк бул жерде:

https://24.kg/obschestvo/176246_detyam_vinternatah_dayut_psihotropnyie_veschestva_zayavlenie_pravozaschitnikov_HRW/

2020-жылдын октябрь айында Казакстанда, Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда “Борбор Азияда таксидеги коопсуздук” аттуу маалыматтык кампания башталган, бул иш чара кыз-келиндерге карата таксиде сексуалдык асылууларды изилдөөгө, бул көйгөйгө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурдурууга арналган. Кененирээк шилтемеде: https://asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20201211/81-zhentshin-tsentralnoi-azii-stalkivalis-s-domogatelstvami-v-taksi-issledovanie

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Жигердүү жана ийгиликтүү апта каалайм!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.