Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 30- ноябрь – 7- декабрь, 2020-ж.

08.12.2020 • 10:53

Салам!

Байкалбай эле кыштын да бир аптасы өтүп кетти! А сен кар киши жасап жетиштиңби? Эгер али жасай элек болсоң, бүгүн эле жасагын да, соцтармактарга #qleverzima  хештеги менен сүрөтүн жарыяла. Күтөм!

А бизде болсо жаңы апта, демек Борбор Азия өлкөлөрүндө жаңы окуялар, кел анда карап чыгалы.

Социум

Түркмөнстанда мамлекеттик мекемелер менен ишканалар кайрадан акча чогултууда. Бул жолу “жаратылышты сактоо жана коргоо” үчүн. Экономикалык көйгөйлөрдүн курчуган шартында жана калктын материалдык абалы кескин начарлаган сайын “акча чогултуулар” да көбөйдү. Кененирээк шилтемеде: https://rus.azathabar.com/a/30980328.html

Түркмөнстанда мектеп окуучулары арасында COVID-19 менен ооруган учурлар көбөйүүдө. Азатлыктын кабарчылары Ашхабаддагы  ооруга чалдыккан конкреттуу адамдар туурасында кабарлады. Айрым балдарды сабактан эле ооруканага жеткиришкен. Бирок ага карабай көпчүлүк адамдар элдик дарылоо амалдарын колдонууну улантып жатышат, алардын эң популярдуусу иттин май жана гармала чөбү. Кененирээк бул жерде: https://rus.azathabar.com/a/30979736.html

Экология

Өзбекстанда  мыйзамсыз бак кыюу үчүн  айып эки эсе көбөйтүлдү.  Кененирээк шилтемеде: https://asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20201204/v-uzbekistane-vdvoe-uvelicheni-shtrafi-za-nezakonnuyu-virubku-derevev

Билим берүү

4 миңден ашуун кыргызстандыктар Coursera ресурсунун курстарынан акысыз өтүп жатышат. Бул туурасында  БУУӨП ( ПРООН) уюмунан билдиришти. Алардын айтымында, аталган программа коронавирус пандемиясына байланыштуу жумушунан кыскарууга туш болгондорго, жумуш таба албай кыйналгандарга жана кесибин өзгөртүүнү каалагандарга багытталган. Курсту аяктагандан кийин аларга адистик сертификаттар берилет. Кененирээк бул жерде: https://24.kg/obschestvo/175218_bolee_4tyisyach_kyirgyizstantsev_prohodyat_besplatnyie_kursyi_naCoursera/

Кыргызстанда 6-класстан 11-класска чейинки мектеп окуучуларынын арасында математика боюнча республикалык олимпиада өтөт. Кененирээк бул жерде: https://24.kg/obschestvo/175605_vkyirgyizstane_proydet_olimpiada_pomatematike_dlya_uchaschihsya_6-11-h_klassov/

Өкмөттүн токтому менен Ташкентте Япониянын санариптик университети негизделди. Университеттин негизги милдеттеринин бири маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында, программалык камсыздандырууларды иштеп чыгуу, маалыматтык системаларды жана компьютердик тармактарды башкаруу жана башка экономиканын тармактарындагы атаандаштыкка жөндөмдүү боло турган жогорку билимдүү кадрларды даярдоо. Кененирээк шилтемеде: https://nuz.uz/obschestvo/1180582-v-tashkente-sozdan-czifrovoj-universitet-yaponii.html

IT жана тармактагы коопсуздук

Шылуундар казакстандыктарды акысыз трафик менен өзүлөрүнө тартып алдап жатышат. Колдонуучуларга алар жашаган аймак 200 гигабайт акысыз интернет трафик бериле турган шаарлардын тизмесине кирээрин текшерип көрүүнү сунушташат. Андан соң бул бонусту алуу үчүн телефон номерин жазуу керек болот. Кененирээк бул шилтемеден окугула: https://www.zakon.kz/5049946-moshenniki-zamanivayut-kazahstantsev.html

Кыргызстанда угуусу начар балдар үчүн  уюлдук тиркемелердин сериясы иштелип чыкты. Бул туурасында БУУӨП ( ПРООН) уюмунан билдиришти. Уюмдун маалыматы боюнча, алар жаңы сөздөрдү оңой үйрөнүп алууга жардам бере турган бир нече чакан оюндардан турат. Бардык тиркемелер угуусу начар балдарды окута турган мектепке чейинки жана мектептик мекемелердин адистеринин жетекчилиги астында иштелип чыккан. Кененирээк бул жерде: https://24.kg/obschestvo/175405_vkyirgyizstane_razrabotali_mobilnyie_prilojeniya_dlya_detey_snarusheniem_sluha/

Тажикстандагы @fingramtj  Telegram-каналы өнүктүрүүгө жана шыктандырууга багытталган маалыматтар менен бирге эле, даяр бизнес пландарды, ийгиликтүү адамдар менен компаниялардын таржымалдарын, финансылык сабаттуулук боюнча иш чаралар жана сынактар, аналитикалык маалыматтар, иликтөөлөр, графика, таблица жана диаграммаларды жарыялап турат, мындан тышкары, финансылык сабаттуулук боюнча пайдалуу кеңештерди, үй-бүлөлүк бюджет, акча чогултуу жана инвестиция боюнча  жеңил-желпи сунуштарды жана башка көптөгөн керектүү маалыматтарды сунуштайт. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/economic/20201130/natsbank-tadzhikistana-zapustil-telegram-kanal-po-finansovoi-gramotnost

Душанбенин 5 мектебинде «eDonish» онлайн программасы тесттик режимде ишке салынганын билдирет «Акылдуу шаар (Smart City)». Маалыматка ылайык, «eDonish» – бул мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер үчүн веб жана уюлдук тиркемелерден турган программалык комплекс. Программалык комплекс жалпы билим берүү мекемелериндеги кенже, орто жана жогорку класстардагы окуу процесстерин башкарууга арналган. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20201202/kontrol-za-uchyobi-detei-onlain-v-pyati-shkolah-goroda-dushanbe-zapustili-onlain-programmu-edonish

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Аптаң ийгиликтүү өтсүн!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.