Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думана Смаковдон дайжест: 23-30 – ноябрь, 2020-ж.

04.12.2020 • 08:21

Салам! 

Ура! Жыл аягына бир эле ай калды! Аздане соң ар бир үй майрамдык маанайга толот…

А бизде болсо жаңы апта башталды, демек Борбор Азия өлкөлөрлүндө жаңы окуялар. Кел карап чыгалы.

 

Социум

Өзбекстандын министрлер кабинети  “Ата-эненин камкордугу жок калган жана жетим балдарды соцалдык жактан коргоону мындан ары күчөтүү чаралары” жөнүндө токтом кабыл алды. Эми жетим балдардын жеке муктаждыктары үчүн кошумча каражаттар бөлүнөт. Кененирээк шилтемеде: https://nuz.uz/obschestvo/1179691-v-uzbekistane-detyam-sirotam-budut-vydelyatsya-dopolnitelnye-sredstva-na-lichnye-rashody.html 

Россиядагы Өзбекстандын элчилиги  мигранттар үчүн жана россиялык жумуш берүүчүлөр үчүн uzjobs.ru. электрондук платформасын ишке киргизди. Элчиликтин басма-сөз кызматы билдиргендей, портал  РФ аймагындагы эмгек мигранттарына жана россиялык компания, фирма, ишканаларга жумушка орношууну каалагандарга көмөк көрсөтүү, колдоо боюнча ишмердүүлүктү жакшыртуу максатында иштелип чыкты. Сайтка россиялык жумуш берүүчүлөрдүн вакансиялары эмгек шартары жана эмгек акылар менен жарыяланат, бул Россиядагы жарандарга ылайыктуу жумуш тапканына жардам болот. Кененирээк бул жерде: https://asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20201124/uzbekistan-zapustil-elektronnuyu-platformu-trudovih-migrantov-i-rossiiskih-rabotodatelei

Тажикстандык мектеп окуучулары “Чектен сырткары” аттуу төрт тилде өткөн эл аралык тарыхый квестке катышышты. Кененирээк:  https://tj.sputniknews.ru/education/20201123/1032329097/mezhdunarodnyy-kvest-uchastie-shkolniki-tajikistan.html

Адам укуктары

25-ноябрь аялдарга каршы зомбулукту токтотуунун Эл аралык күнү мамлекеттик структуралардын өкүлдөрү, БУУ жана Евробиримдик (ЕБ) Тажикстанда “гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк” кампаниясын жарыялашты, бул күн дагы “Сары кызыл күн” деген ат менен да белгилүү. Иш чаранын жүрүшүндө талкууланган негизги маселелер диалог жүргүзүүгө  арналган аракеттердин маанилүүлүгүнө, коомчулуктардагы жана үй-бүлөлөрдөгү өзгөрүүлөргө арналды, ошондой эле жаштарды, социалдык тармактарды жана жарандык коомду  гендердик зомбулуктарды токтотууга жана зыяндуу стереотиптер менен нормаларга каршы күрөшкө биргелешип салым кошууга чакыруу маселеси талкууланды. Мындан тышкары, эркектердин катышуусу менен позитивдүү альтернативалык амалдарды коомго сиңирүү аракеттерине басым жасалмакчы. Кененирээк шилтемеде: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20201125/v-tadzhikistane-startovala-kampaniya-protiv-gendernogo-nasiliya

Кыргызстанда да ушул сыяктуу кампания башталды. ПРООНдон билдиргендей, аталган кампания аялдарга, кыздарга карата болгон зордук-зомбулуктар туурасында үн катпоо адатын жок кылуууга жана дискриминациянын бардык түрүн токтотуу максатында жамаатташ аракеттерди күчөтүүгөн арналган. Кененирээк шилтемеде: https://24.kg/obschestvo/174438_vkyirgyizstane_startovala_kampaniya_protiv_gendernogo_nasiliya/ 

Жаныбарлардын укуктары 

Өзбекстандын башкы прокуратурасы мыйзамдык актылардын таасирин баалоо Системасы (СОВАЗ) порталында жаңы мыйзам долбоорун жарыялады.  Анда жаныбарлардын өлүмүнө алып келген мыкаачылык мамиле үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Азыркы үчүн мындай аракеттер үчүн административдик айып гана салынат. Кененирээк шилтемеде: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20201128/v-uzbekistane-dobilis-ugolovnoi-otvetstvennosti-za-zhestokost-k-zhivotnim

IT жана тармактагы коопсуздук 

Мессенджерлерде бир аялдын (болжолдуу түрдө мугалим сыяктанат) ата-энелерге кеңири жайылган Among Us  аттуу онлайн-оюн кооптуу экенин эскертип, аны чуулгандуу “Көк кит” оюнуна салыштырып айтып жаткан видеосу тарады. Окуянын чын-бышыктыгы туурасында шилтемеден окугула - https://factcheck.kz/socium/opasna-li-igra-among-us/.  

Пандемия

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлиги микробдорго каршы препараттарды туура колдонууга арналган Дүйнөлүк жумалыктын алкагында “Дары-дармектик коопсуздук” уюлдук тиркемесин сунуштады. Кененирээк бул жерде: https://24.kg/obschestvo/174191_minzdrav_prezentoval_mobilnoe_prilojenie_lekarstvennaya_bezopasnost/ 

Түркмөнстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу ары-бери жүрүү кыймылын чектөө уланууда. Ал ортодо Лебап велаятынын бийликтери борбор калаага жана өлкөнүн башка региондоруна барууга кошумча чектөөлөрдү киргизди. Өлкө ичинде жүрүү үчүн талап кылынган маалымкаттардын саны көбөйтүлдү. Кененирээк бул жерде: https://rus.azathabar.com/a/30969898.html 

Казакстанда ушул тапта корнавирус жуккан учурлар катталганына байланыштуу 66 мектеп карантинге жабылган. Бул туурасында РКнын саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемологиялык көзөмөл Комитетинин төрайымы Айжан Есмагамбетова билдирди. Кененирээк шилтемеден окугула: https://informburo.kz/novosti/minzdrav-66-shkol-v-kazahstane-zakryty-na-karantin-iz-za-koronavirusa.html 

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Аптаң ийгиликтүү өтсүн!

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.