Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Кыргызстандык Гульназ Жузбаева дүйнө жүзүндөгү 100 шыктандыруучу жана таасирдүү аялдардын тизмесине кирди

27.11.2020 • 06:19

Британиялык BBC 2020-жылдын эң таасирдүү жана шыктандыруучу 100 аялынын тизмесин жарыялады. Тизмеге мекендешибиз - Кыргызстандагы көзү азиздер Федерациясынын башчысы, активист Гүлназ Жузбаева кирди.

«Кыргызстанда 5 миңден ашуун көрүүсү начар адамдар жашайт, бирок көптөгөн маанилүү мамлекеттик документтер алар үчүн жеткиликсиз бойдон калууда. Кыргыз Азиздер Федерациясынын негиздөөчүсү Гүлназ Жузбаева бул материалдарды Брайл шрифти менен жеткиликтүү кылуу жана көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеңилдетүү үчүн талыкпай эмгектенет”. - деп белгилейт BBC.

Гүлназдын тобу көзү азиздерге эмгек рыногуна чыгууга керектүү көндүмдөрдү берүүчү программаны ишке ашырууда. Бул программаны 2020-жылы аяктаган 22 чоң кишинин алтоо ийгиликтүү жумушка орношуп, экөө жогорку окуу жайына тапшырган.

BBC жыл сайын таасирдүү аялдардын тизмесин жарыялайт. Тизмеге дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген ар кандай ишмердүүлүк тармагындагы жана кесиптеги аялдар кирет.

Бул жылдын Финляндиянын аялдардан турган коалициялык өкмөтүн жетектеген Санна Марин, жаңы Аватар жана Марвел тасмаларынын жылдызы Мишель Йох жана Оксфорд университетинин коронавирус вакцинасы боюнча изилдөө иштерин жетектеген Сара Гилберт, ошондой эле актриса жана климаттын өзгөрүшү боюнча активист Джейн Фонда кирди.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.