Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Кыргызстанда "тролль фабрикалары" кандай иштеп жатышат

20.11.2020 • 05:19

Open Democracy (oDR) көз карандысыз медиа платформасы Кыргызстанда "тролль фабрикалары" кандай иштеп жаткандыгы жөнүндө макала жарыялады.

Макалада айтылгандай, социалдык тармактардын кыргыз сегментинде коомдук пикирди бурмалоо максатында атайылап жалган маалыматтарды таратуу менен алектенген фейк аккаунттардын саны өтө көп. Троллдор күн сайын керектүү басылмаларга лайк коюп, айрым макалалардын астында мактоо комментарийлерди калтырышат, ошону менен кардарларынын имиджин калыптандырат.

Троллдордун бири oDR агенттигине берген маегинде билдиргендей, алардын ар биринде ар кандай социалдык тармактарда 200гө жакын аккаунт жана коопсуздук максатында 50 жалпы профиль болгон.

“Алар үчүн биз легенда ойлоп таптык, өмүр баянын толтурдук, сүрөттөрүн тандап, андан кийин аларды чагылдырдык же фотошоп кылдык. Жигиттер үчүн, адатта, автоунаалары бар же ислам стилиндеги аватарларды коёбуз. Кыздар үчүн чет элдик аялдардын азиат түспөлүндөгү сүрөттөрүн издейбиз.”

Интернет-троллдор Кыргызстандагы эң популярдуу социалдык тармактарда - Фейсбукта жана Инстаграмда активдүү иштешет, бирок, албетте, алардын ишмердүүлүгү ушул аянтчалар менен гана чектелип калбайт. Өз ара жактыруу жана репосттор менен троллдор жасалма жол менен ыңгайлаштырылган темаларды трендге киргизишет. Алар фейк талкууларды уюштуруп, мында агрессивдүү түрдө башка колдонуучуларга башка көз карашты далилдешет.Ушул иштин аркасында айрым колдонуучулар троллдор көтөргөн пикир коомдо үстөмдүк кылып жаткандай таасир калтырышы мүмкүн.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.