Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест:  9-16 -  ноябрь, 2020-ж.

17.11.2020 • 08:39

Салам! 

Карачы, убакыт кандай тез өтүп жатат. Каникул аяктап, сабактарга кайтчу учур да келип калды.

Сен Билимин Деңизин багынтууга даярданып жаткан кезде, мен Борбор Азиядагы эң маанилүү жаңылыктарды айтып берейин. 

 

Билим берүү

Өзбекстандын республикалык комиссиясы өлкө ЖОЖдорунда окутууну салттуу түрдө улантуу чечимин кабыл алды. Окуу процесси ушул аптадан башталат. Кененирээк бул шилтемеде: https://nuz.uz/obschestvo/1178176-vuzy-uzbekistana-vozobnovyat-tradiczionnoe-obuchenie-s-16-noyabrya.html 

Өзбекстанда жалпы билим берүү мекемелерин тажрыйба иретинде жеке сектордун өкүлдөрүнө башкарууга берүүгө ишеним көрсөтүлмөкчү. Бул туурасында президент Шавкат Мирзиёев тарабынан кол коюлган «Өзбекстандын жаңы өнүгүү этабында билим берүү, тарбия жана илим тармактарын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» указында айтылат. Кененирээк бул жерде: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20201111/shkoli-v-uzbekistane-nachnut-v-kachestve-eksperimenta-peredavat-v-chastnie-ruki

Жаңы өсүп келе жаткан муундун саламаттыгына кам көрүү максатында, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлиги менен жана россиялык Тармактык тамак-аш Институту (SIFI) менен биргеликте мектеп окуучуларынын тамактануусу боюнча жаңы порталды ишке салды.  tamakash.edu.gov.kg сайтында баланын мектепте жана үйдө тамактануусун кантип жакшыртууга боло турганы жөнүндө кеңири маалымат алууга болот, ошондой эле жергиликтүү мектептердин пайдалуу ысык тамак уюштуруу боюнча мыкты тажрыйбалары менен тааныша аласыңар. Сайт туурасында кененирээк: https://24.kg/biznes_info/172427_vse_oshkolnom_pitanii_teper_mojno_uznat_nanovom_portale_tamakashedugovkg/ 

Тажикстан жаштары үчүн билим алуу боюнча кандай мүмкүнчүлүктөр бар экени туурасында тандалма маалыматтар топтомун сунуштайбыз:  https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20201110/speshi-uspet-podborka-obrazovatelnih-vozmozhnostei-dlya-molodezhi-tadzhikistana

Сөз эркиндиги

Евро Биримдик менен Таджикистан 11-ноябрда жыл сайын өтүлүүчү адам укуктары боюнча Диалогдун 12-раундун видеоконференция режиминде өткөрүштү. Өз кезегинде ЕБ Тажикстанды көз карандысыз журналисттердин коопсуздугуна кепилдик берүүгө жана жаңылык сайттарына блок коюуну токтотууга чакырды. Кененирээк бул шилтемеде: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/politics/20201113/es-prizval-tadzhikistan-garantirovat-bezopasnost-nezavisimih-zhurnalistov-i-prekratit-blokirovku-novostnih-saitov

Адам укуктары

Кыргызстанда салтка айланган адам укуктары боюнча айлык иш чара башталды. Аны акыйкатчынын аппараты өткөрүүдө. Иш чаранын максаты адам укуктарын жайылтуу, ошондой эле калктын укуктук маалыматтуулугун арттыруу болуп саналат. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/172528_vkyirgyizstane_startoval_traditsionnyiy_mesyachnik_popravam_cheloveka/ 

Казакстанда мектептердеги кодулоолорго каршы "Айналайын SOS" аттуу биринчи маалыматтык-билим берүүчү кампания башталды. Долбоордун авторлору буллинг жана мектептердеги балдардын коопсуздугу боюнча социалдык плакаттарды иштеп чыгышкан. Кененирээк бул жерде: https://informburo.kz/novosti/v-kazahstane-zapustili-kampaniyu-aynalayyn-sos-protiv-travli-v-shkolah.html 

Экология

Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун катышуусу менен миңдеген адамдар күзгү бак отургузуу сезонун башташты. Бул жолу 25 миллион дарак тигилет деп пландалууда. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/30939103.html 

Каспий тюлени жок болуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлардын тизмесине – Кызыл Китепке киргизилди. Бул туурасында Казакстандын өкмөтүнүн токтомунда айтылат. Кененирээк бул жерде: https://informburo.kz/novosti/kaspiyskogo-tyulenya-vnesli-v-krasnuyu-knigu-kazahstana-114040.html 

Пандемия

Түркмөнстандын борборундагы мектептерде окуучулар жана мугалимдер тарабынан бет кап тагынуу режиминин сакталышын көзөмөлдөө күчөтүлдү. Көзөмөл жалпы билим берүүчү мектептердин аймагында жүргөн полиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлмөкчү. Кененирээк шилтемеде: https://rus.azathabar.com/a/30937997.html 

Тармактагы коопсуздук 

Казакстанда финансылык пирамиданын уюштуруучулары өзүлөрүн Unique Finance компаниясынын өкүлдөрү катары тааныштырып, казакстандыктарга  Pepsi, Nike, Microsoft, Ford, BMW компанияларынын баалуу кагаздарына инвестиция салууну сунушташкан. Бул туурасында Актөбе облусунун экономикалык иликтөө департаменти билдирет. Аманатчыларга ай сайын инвестиция катары салган суммасынын 6%  жана жаңы киши алып келсе ал салган акчанын 5% киреше катары берип турууга  убада кылышкан. Компанияга кирүү үчүн минималдык төлөм акы 1000 долларды түзгөн. Кененирээк шилтемеде: https://informburo.kz/novosti/finansovaya-piramida-prodavala-kazahstancam-falshivye-akcii-kompaniy-pepsi-nike-microsoft-ford-i-bmw.html 
 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Аптаң ийгиликтүү өтсүн!

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.