Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Бир катар мектептерде экинчи чейрек реалдуу режимде башталат

11.11.2020 • 04:49

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги  11-ноябрдан тартып Кыргызстандагы 1489 мектеп реалдуу режимде иштей баштай тургандыгын жарыялады.

Билим берүү министрине шилтеме берүү менен Sputnik Кыргызстан агенттиги билдиргендей, аймактарда мектептер экинчи чейректе эпидемиологиялык кырдаалга жараша ачылат. Эпидемиологиялык кырдаал начар болгон райондордо жана шаарларда окутуу аралык форматта улантылат.Ошентип, оор эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Бишкек жана Ош шаарларындагы мектептер азырынча ачылбайт, деп билдиришти министрликтен.

Эки жума бою салттуу форматта окутуу калыбына келтирилген мектептерде мониторинг жүргүзүлөт. Эгерде кырдаал туруктуу болсо, анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана саламаттыкты сактоо органдарынын уруксаты менен калган мектептерге (класстарга) реалдуу режимде ишин улантууга уруксат берилет.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Үсөналиев билдиргендей, мектеп сабактарынын темалары бирдиктүү программа боюнча жүргүзүлгөндүктөн, алар тийиштүү түрдө офлайн жана онлайн режиминде дал келет.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.