Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 2-9 -  ноябрь, 2020-ж.

10.11.2020 • 18:24

Салам!

Күзгү эс алуудан ырахат алып, Qlever ойноп жатасың деп ишенем. Сен оюн менен алек болуп жатканда, мен адаттагыдай эле Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орчундуу жаңылыктардан айтып берейин. 
 

Билим берүү

Түркмөнстанда жогорку класстын окуучу кыздары менен эжейлер чогулуштарды өткөрүүдө. Велаят билим берүү башкармалыгы менен аялдар союзу уюштурган мындай жолугушууларда кыз-келиндердин жүрүм-турум эрежелери жана сырткы келбеттери талкууланат. Ошондой эле жыйындын катышуучуларына окууну аяктай электе боюнда болуп калган кыздар мектептен чыгарылаарын эскертишүүдө. Кененирээк төмөнкү шилтемеде: https://rus.azathabar.com/a/30930570.html 

Ашхабадагы Россия элчилиги орус тилин үйрөтүү боюнча акысыз онлайн курстарды жарыялады. Элчиликтин сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, Алтай мамлекеттик педагогикалык университетинин орус тил боюнча ачык билим берүү Сибирь борбору чет өлкөлүк жарандарды 20-ноябрдан 15-декабрга чейин орус тил боюнча акысыз онлайн курска чакырат. Кененирээк маалыматты бул жерден алууга болот: https://rus.azathabar.com/a/30927546.html 

Чет өлкөлөрдөгү университеттерге өтүп, бирок коронавирус жайылганына байланыштуу окууга бара албай жаткан тажик жаштары өлкөдөгү аралыктан окуу шарттарынын абалына тынчсызданууда. Студенттер интернеттин ылдамдыгынын начардыгына, баасынын кымбаттыгына жана электр энергиясы үзгүлтүк менен берилип жатканына даттанып, мунун баары аралыктан билим алуудагы негизги тоскоолдуктар экенин айтышууда. Кененирээк бул жерде: https://rus.ozodi.org/a/30935440.html 

Тажикстанда окуган өзбек студенттерине Сурхандарыя облусунун Сарыасий районундагы чек ара посту аркылуу өлкөгө кирүүгө уруксат берилди. Кандай шартта чек араны кесип өтүүгө болот жана кайсы учурларда Тажикстанга кирүүгө тыюу салынаары туурасында бул жерден окууга болот: https://uznews.uz/ru/article/25913 

2021/2022-жаңы окуу жылында Өзбекстан мектептеринде милдеттүү түрдө жаңы сабак - табигый илимдер предмети киргизилет (Science). Жаңы предмет өз ичине айлана-чөйрөнү таануу, табият таануу, биология, география, хими, физика сыяктуу сабактарды камтыйт. Алгачкы эки предмет биринчи жана экинчи класстарда, калгандары 6-класстан баштап окутулат. Кененирээк бул жерде: https://uznews.uz/ru/article/25996 

Бишкек окуучулары мектептерге жаңы жылдан кийин кайтып барышат. Бул туурасында шаардык кеңештин регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук тартип боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында борбор калаанын вице-мэри билдирди. Кененирээк: https://24.kg/vlast/172249_ucheniki_vbishkeke_mogut_vernutsya_vshkolyi_posle_novogo_goda_noeto_netochno/ 

Казахстандын Алматы жана Нур-Султан шаарларынан 6 мектеп окуучусу кирген курама командасы математика боюнча Балкан олимпиадасына катышып келишти. Алардын ар бири медаль алып кайтышты, кененирээк бул шилтемеде: https://informburo.kz/novosti/kazahstanskie-shkolniki-zavoevali-shest-medaley-na-balkanskoy-matematicheskoy-olimpiade.html 

Социум

Өзбекстанда бир күндө 10 миң кадам жасагандарга 3 миң сум төлөнөт ($0,3). Бул туурасында президент Шавкат Мирзиёевдин “Сергек жашоо образын кеңири жайылтуу жана массалык спортту өнүктүрүү чаралары жөнүндө” өткөн жума күнү кол коюлган указында айтылат. Кененирээк төмонкү шилтемеде: https://asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20201102/v-uzbekistane-nachnut-platit-tem-kto-proidyot-10-000-shagov-peshkom 

IT

1-декабрдан баштап казакстандыктар полицияга уюлдук тиркеме аркылуу кайрыла алышат. Казакстан полициясы даттанууларга арналган уюлдук тиркемени жана балдарга байкоо салуу системасын ишке киргизет. Ал эми парктарга жардам чакыруу баскычы менен жабдыктар орнотулат. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/kazahstancy-smogut-obratitsya-v-policiyu-cherez-mobilnoe-prilozhenie.html 

Экология

Тажикстанда экологдор менен бизнес өкүлдөрү желим буюмдарды колдонууга чектөө киргизүү жана акырындык менен таптакыр баш тартуу маселелерин талкуулап жатышат. Аны менен бирге адистер жана ишкерлер заманбап шартта калдыктарды кайра иштетүү кирешелүү экенин айтышууда. Кененирээк бул жерде: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20201106/tadzhikistan-otkazhetsya-ot-ispolzovaniya-plastikovih-paketov

Үстүбүздөгү жылдын жайынын соңунда Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын журналисттери “Дарак лоббиси. Жашыл баатырлар” аттуу медиа долбоор иштеп чыгышкан. Эми бул чыгарылышка подкасттар, видео-интервью, инфографика, интерактивдүү тематикалык квиз даярдалып жатат. Журналист кыздар коомчулуктун көнүлүн жашыл бак-дарактар маселесине буруп, бул маселе айрым бир шаарлардын микроклиматы үчүн гана эмес, кеңири масштабдагы экология үчүн да өтө маанилүү экенин айтып берүүгө ниеттенип жатышат. Кененирээк бул шилтемеде:: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20201105/zelenie-geroi-kto-oni-i-chem-zanimayutsya-v-tsentralnoi-azii

Пандемия

Өзбекстанда коронавируска каршы кытай вакцинасын сынап көрүүгө 5000 адам катышат. Бул туурасында инновациялык өнүгүү министрлигинин башкармалыгынын жетекчиси Феруза Ходжаева билдирди. Анын айтымында, министрлик менен Кытайдын илимдер академиясынын микробиология Институтунун ортосунда вакцинаны сынап көрүүнүн үчүнчү этабын Өзбекстанда жүргүзүү боюнча макулдашылган. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20201103/v-ispitaniyah-kitaiskoi-vaktsini-ot-koronavirusa-v-uzbekistane-primut-uchastie-5000-chelovek

Жыл башынан бери Тажикстан 58 мамлекеттен гуманитардык жардам алган. Донор өлкөлөр Тажикстанга азык-түлүк жагынан гана эмес, медициналык максаттагы өтө зарыл нерселер менен да камсыздоодо. Пандемия күч алып турган мезгилде Таикстанга биринчилерден болуп Европа Биримдиги тарабынан уюшулган гуманитардык жардам ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу астында келген. Эми болсо ЕБ менен ЮНИСЕФ Тажикстанда коронавируска карыш күрөштө биригип аракеттенишүүдө. Кененирээк бул шилтемеде: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20201105/es-i-yunisef-obedinilis-v-borbe-s-koronovirusom-v-tadzhikistane

Кыргызстанда ПРООНдун мобилдик топтору кургак учук жана ВИЧ оорулууларына медициналык кызматтарды көрсөтүп жатышат. Бул туурасында аталган уюмдан билдиришти. Бул иш чара пандемия учурунда кыргызстандыктарга колдоо көрсөтүү максатында жасалууда. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/171609_mobilnyie_brigadyi_proon_predostavlyayut_meditsinskie_uslugi_patsientam_nadomu/ 

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Эс алууң жакшы өтсүн!

Көрүшкөнчө! 

 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.