Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 26-октябрь – 2-ноябрь, 2020-ж.

03.11.2020 • 05:02

Салам!

Ден соолугуң жакшыбы? Күздүн суук күндөрүнө даярсыңбы?

Эгер даяр эмес болсоң, каникул убагында даярдыктарды көрүп алганың дурус болот. Телевизор менен компьютердин алдында отургандан көрө, таза абага көп чык деп кеңеш берет элем.

Ийгилик анда! Өзүңдү жакшы кара!

Азыр болсо мен сага адаттагыдай эле Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң маанилүү жаңылыктарды айтып берем.

 

Билим берүү

Казакстанда 1,2 млн. мектеп окуучулары экинчи чейректен тартып салттуу форматта окуп башташат. Мындай божомолдор РКнын илим-билим министрлигинин Telegram-каналында жарыяланды. Кененирээк бул шилтемеде: https://informburo.kz/novosti/v-kazahstane-12-mln-shkolnikov-budut-uchitsya-v-tradicionnom-formate-vo-vtoroy-chetverti.html

Кыргызстандык окуучулар Македонияда математика боюнча олимпиадада 3 медаль жеңип алышты. Бул туурасында билим берүү министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматы боюнча, интеллектуалдык таймашка Кыргызстан 35 окуучу жөнөткөн. Олимпиадага бардыгы болуп 10 өлкөдөн 200 окуучу катышкан. Кененирээк бул жерде:  https://24.kg/obschestvo/170899_kyirgyizskie_shkolniki_vyiigrali_tri_medali_namatematicheskoy_olimpiade_vmakedonii/

Социум

Түркмөнстандын борборундагы азык-түлүк менен камсыздоого байланыштуу көйгөйлөр өлкөнүн башка региондорундагыдай эле оор абалга жетти. Борбор калаада да негизги азык-түлүк болгон нан, май, жумуртка тартыштыгы байкалат. Ашхабаддагы мамлекеттик дүкөндөрдө кезек күткөндөрдүн саны күндөн күнгө өсүүдө. Кененирээк бул шилтемеден окугула: https://rus.azathabar.com/a/30922960.html

Өзбекстанда Куранды айрып, ал видеосун социалдык тармакка чыгарган “атеистке” каршы кылмыш иши козголду. Кененирээк бул жерде: https://uznews.uz/ru/article/25793

Кыргызстандын журналисттик иликтөө фонду GIJN — журналист-иликтөөчүлөрдүн глобалдык тармагына мүчө болуп кабыл алынды. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/170858_fond_rassledovatelskoy_jurnalistiki_prinyat_vchlenyi_globalnoy_seti_jurnalistov/ 

IT

Казакстандын ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын ичинде гана өлкөдө 8,3 миңден ашуун интернет-шылуундук фактысы катталган. Кененирээк: https://www.zakon.kz/5045866-v-kazahstane-poyavilos-svyshe-vosmi.html

Жыл башында Тажикстанда жаштардын тобу «Daily Opportunity» интернет долбоорун баштаган. Платформа ага жазылгандарга ар кандай стипендия, стажировка жана гранттарды сунуштайт. Жаңы платформадан дагы кандай мүмкүнчүлүктөрдү билүүгө болот, төмөнкү шилтемеден окугула: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20201031/stipendii-stazhirovki-granti-v-tadzhikistane-poyavilas-novaya-platforma-vozmozhnostei

Өзбекстандын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо агенттиги  дарыканалардагы дары-дармектердин чыныгы баасын билүү үчүн Telegram-бот – @dorinarx_bot колдоно баштады. Жаңы бот кантип иштээрин бул жерден билип алсаңар болот: https://podrobno.uz/cat/tehnp/v-uzbekistane-zapustili-telegram-bot-dlya-proverki-realnoy-stoimosti-lekarstv-v-aptekakh-/

Экология

Окумуштуулар Борбор Азия чөлкөмү миллиондогон жылдар мурда эбегейсиз чоң чөл болгонун аныктап чыгышты, буга чейин бул аймак дайыма жашыл болгон деп эсептелчү. Ошондой эле окумуштуулар Борбор Азия кайрадан чөлгө айланышы мүмкүн деген божомлдорду беришет. Кененирээк бул жерде:

https://ru.sputnik.kg/asia/20201031/1050275330/central-asia-risk-pustynya-uchenye.html

 

Биз менен болгонуң үчүн ыраазычылык билдирем!

Аптаң ийгиликтүү жана жигердүү болсун!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт!  Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.