Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Бишкекте өзгөчө муктаждыгы бар адамдар иштеген кафе ачылды

02.11.2020 • 04:54

Бишкекте өзгөчө муктаждыгы бар адамдарды жумуш менен камсыз кылган “Solomon Sandwiches” ишканасы ачылды.

Solomon Sandwiches ишинин маанилүү аспектилеринин бири - социалдык аспект. Кафе мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жумушка орноштуруу максатында түзүлгөн. Инклюзивдүү кафеде Даун синдрому менен ооруган Артем жана ДЦП менен ооруган Андрей иштешет. Андрей залдын таза болушун камсыздап, ашкананы тазалоого жардам берет. Артем ресторанды жана анын айланасын таза кармоого жардам берет, ошондой эле менеджерлердин жетекчилиги астында бутербродтарды жасаганды үйрөнп жатат. Ал ашпозчунун жардамчысы катары билим алган.

Вечерний Бишкек гезити билдиргендей, инклюзивдүү кафе ачуу идеясы Даун синдрому менен ооруган балдардын ата-энелерин бириктирген Сунтерра Фондусун жетектеген жубайлар Дина менен Нурмат Эшалиевге таандык. Мындан тышкары, Дина менен Нурмат эки "күнөстүү" балдарды өздөрү тарбиялап жатышат.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.