Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Кыргызстандык стартап Дүйнөлүк ишкердик чемпионатында ТОП-25 кирди

28.10.2020 • 03:56

Кыргызстандык Fanki стартапы Дүйнөлүк ишкердик чемпионатынын жарым финалисттеринин тизмесине кирди. Бул тууралуу Kaktus.Media кабарлады.

Байге фонду 1 миллион долларды түзгөн глобалдык стартаптар конкурсу болгон Дүйнөлүк ишкердик чемпионаты 20-октябрда жыйынтыкталды. Сынактын финалында Кыргызстандын атынан өлкөдөгү тандоо турунда жеңишке жетишкен эки OptimTrade жана Fanki стартаптары катышты.

Маалым болгондой, Дүйнөлүк ишкердик  чемпионатка Кыргызстандык стартаптардын катышуусу өлкөнүн тарыхында биринчи жолу болду.

Fanki  - бул компаниянын ички HR процесстерин башкарууга жана кызматкерлердин ортосундагы өз ара аракеттенүүгө арналган онлайн платформа. Платформа кызматкерлерге бирдиктүү маалымат базасына мүмкүнчүлүк берет, ал эми корпоративдик мессенджер компаниянын ичинде бөлүмдөр менен кызматкерлердин ортосунда байланыш түзүүгө мүмкүндүк берет.

Быйыл чемпионат 200 өлкөнү камтыды, ал эми келип түшкөн жалпы табышмалардын саны 175 миңди түздү. Улуттук квалификациялык турдун жеңүүчүлөрү катышкан онлайн-старттык курстун жыйынтыгы боюнча, дүйнөдөгү 100 мыкты финалисттин тизмеси түзүлдү.

Фанки жана OptimTrade баш болгон 100 мыкты финалисттин ар бир стартапы 850 000 доллар натуралай колдоо жана кошумча инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн алышты.

Чемпионат, ошондой эле финалисттердин катарына кирген стартаптар жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн Entrepreneurship World Cup сайтына баш багыңыз.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.