Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 19-26- октябрь, 2020-ж.

27.10.2020 • 10:22

Кымбаттуу досум!

Жакында каникул башталаарына кубанып жатсаң керек. Бир аз гана убакыт калды – эми бир күчүңдү жыйнасаң түшкө чейин уктайсың, сейилге чыгасын, эс аласың.

А мен болсо Борбор Азиянын эң маанилүү жаңылыктарын айтып берейин.

 

Билим берүү

Жакшы баа алган окуучулар үчүн жогорку окуу жайына тапшыруу жеңил болот. Бул туурасында Өзбекстандын элдик билим берүү министри Шерзод Шерматов Өзбекстандын президентинин администрациясынын алдындагы маалымат жана коммуникациялар Агенттигинде өткөргөн пресс-конференцияда билдирди. Шерматовдун айтымында, бул президенттин буйругунда жана указынын долбоорунда жазылат. Кененирээк бул шилтемеде: https://nuz.uz/obschestvo/1175976-sherzod-shermatov-srednij-pokazatel-oczenok-vypusknikov-shkol-za-6-let-budet-uchityvatsya-na-vstupitelnyh-ekzamenah-v-vuz.html

Өзбекстандын билимдин сапатына көзөмөл кыла турган мамлекеттик инспекциясы жалпы билим берүү мектептеринин рейтингин туздү. Атайын мектептердин арасынан биринчи орунду Намангандын №3-атайын мектеби алды, жалпы билим берүү мектептердин ичинен Нукус шаарынын №48-мектеби биринчи орунга ээ болду.

Кененирээк бул шилтемеде: https://nuz.uz/obschestvo/1175926-nazvany-luchshie-i-hudshie-shkoly-uzbekistana.html 

Казакстандын улуттук олимпиалык комитети жана kundelik.kz сайты мектеп окуучуларынын арасында дене тарбия жана сергек жашоону жайылтууга арналган биргелешкен долбоорду баштаганын кабарлады. Кененирээк бул жерде: https://www.zakon.kz/5044868-nok-kazahstana-i-sayt-kundelik-kz.html

Социум

Акыркы жылдары Түркмөнстан бийлиги аялдарга унаа айдоого көп тыюу сала баштады. Иш жузүндөгү аялдарга унаа айдоого тыюу салуу Түркмөнстандагы гендердик теңчилик туурасындагы расмий билдирүүлөрдү дагы бир жолу төгүндөйт. Чындыгында кырдаал таптакыр башка. Кененирээк бул шилтемеден окугула: https://rus.azathabar.com/a/30905018.html

Өзбекстанда 2021-жылдын 1-апрелинен тартып мамлекеттик кызматкерлердин өзбек тилинде иш кагаздарын жүргузүү деңгээли аныкталат, ал эми жооптуу кызматка дайындалгандар үчүн мамлекеттик тил боюнча билиминин деңгээлин тастыктаган сертификаттар киргизилет. Кененирээк бул жерде: https://asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20201021/288905

Түркмөнстан бийлиги экономикалык төмөндөөнүн жана коронавирус пандемиясынан кийин өзгөчө курчуган финансылык көйгөйлөрдү чечүү үчүн кайрадан адатка айланган амалын баштады көрүнөт – жергиликтүү аксакалдарды чогултуп, калкка таасир этүү амалын. Кененирээк бул шилтеме боюнча окугула: https://rus.azathabar.com/a/30905532.html

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча өкүлү Петер Буриан менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү. ТИМдин басма-сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүү учурунда Казакбаев өлкөдө кырдаал турукташып калганын, күнүмдүк саясий процесстер укуктук талаага түшкөнүн, мамлекеттик бийликтин легитимдүүлүгү орногонун жана аткаруу органдары штаттык режимде иштеп жатканын белгиледи. КРнын тышкы иштер министри менен ЕБнин Борбор Азия боюнча өкүлү дагы эмнелер туурасында сүйлөшкөнүн бул жерден окугула: https://rus.azattyk.org/a/30902350.html

Пандемия

Борбор Азия мамлекеттери жана Европа Биримдигинин өкүлү COVID-19 пандемиясына байланыштуу маселелерди жана анын кесепеттерин жоюу жолдорун талкуулашты. Ошондой эле аймактагы коопсуздукка коркунуч келтире турган жагдайларга каршы күрөш маселеси боюнча да пикир алмашышты. Кененирээк шилтемеде: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/politics/20201021/strani-tsentralnoi-azii-i-es-obsudili-voprosi-predotvratsheniya-negativnih-posledstvii-koronavirusa

Маданият

Илбирстин изи менен. Тажикстанда ак илбирс туурасында документалдык тасма жарык көрдү. Тасмада бул сейрек жырткыч туурасындагы легендалар аркылуу ак илбирстин жашоосундагы азыркы көйгөйлөр чагылдырылган. Кененирээк бул жерде: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20201023/po-sleam-snezhnogo-barsa

Бишкекте балдардын «Карусель» музыкалык фестивалы болуп өттү. Бул туурасында борбор калаанын Россия илим жана маданият борборунан билдиришти. Алардын маалыматы боюнча, иш чарага Бишкектен 30 жаш аткаруучулар катышышты. Көрүүчүлөр алдында Даниел Касымов, Эвелина Ярулина, Андрей Косаков, Асема Садыкова, Айдай Балбаева, Байысбек Акылбеков, «Шаттык» элдик бий ансамблинин солисттери, «Сайкыр» жана «Фрунзе» топтору ыр-бийлерин тартуулашты. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/170510_detskiy_muzyikalnyiy_festival_karusel_proshel_vbishkeke/

IT

Тажикистан уюлдук интернет боюнча рейтингин көтөрүп, жыл башынан бери 6 пунктка өйдөлөдү. Интернеттин ылдамдыгы боюнча Speedtest Global Index жарыялаган жаңыланган рейтингде 2020-жылдын сентябрь айына карата Тажикстан 138-өлкөнүн ичинен 127-орунду ээлеген, интернеттин көчүрүү ылдамдыгы 13.08 Мб/с жана жүктөө ылдамдыгы 5.80 Мб/с. Эң начар рейтинг Афганистандыкы, бул өлкөдө интернеттин көчүрүүдөгү ылдамдыгы 7.26 Мб/с жана жүктөө ылдамдыгы  3.77 Мб/с түзөт. Кененирээк шилтемеде: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20201021/tadzhikistan-uluchshil-pozitsiyu-v-reitinge-skorosti-interneta-polzovateli-uluchshenii-ne-zametili

Казакстанда соңку жылдары интернет-шылуундук кылган фактылардын саны өсүүдө, алардын көбүнүн бети ачылбаган бойдон калууда, анткени мындай иштерди тергөө-иликтөө иштери кыйынга турат. Кененирээк бул жерде: https://www.zakon.kz/5044575-internet-moshennichestvo-v-kazahstane.html

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Жигердүү жана ийгиликтүү апта каалайм!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.