Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Facebook "шайлоого кийлигишкен" деп 120 миң билдирүүнү өчүрүп салды

23.10.2020 • 08:17

Facebook АКШдагы президенттик шайлоодо добуш берүү процессине кийлигишүү саясатын бузгандыгы үчүн 120 миңге жакын билдирүүнү өчүрүп салган. Бул тууралуу Deutsche Welle Facebookтун коомдук байланыштар боюнча вице-президенти Николас Клегг менен болгон маекке шилтеме берүү менен билдирет.

Мындан тышкары, Facebook жана Instagram социалдык тармактары шайлоонун коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2,2 миллион жарнамалык материалдарды АКШнын келечектеги президенттик шайлоосунда "добуш берүүгө кийлигишүү" аракети катары баалап, жарыялоого кабыл алышкан жок.

Клегг кошумчалагандай, Facebook маалыматты текшерүү үчүн 70 жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташкан. Анын айтымында, жасалма интеллектти колдонуунун аркасында Facebook колдонуучулар аларга нааразычылыгын билдире электе эле миллиарддаган постторду жана жасалма профилдерди өчүрүп салган. Мисалы, Клегг белгилегендей, өткөн жылы аталган кызмат 6,5 миллиард фейк провилди өчүрүп салган.

Ошентип Facebook кызматы 2016-жылдагы шайлоого байланыштуу кырдаал кайталанбашы үчүн аракет кылып жатат. Ошол учурда социалдык тармак президенттик шайлоону бурмалоо үчүн колдонулган деп сындалган.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.