Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Кыргызстан Интернет эркиндигинин рейтингинде кыйла төмөндөп кетти

21.10.2020 • 10:25

Freedom House интернет эркиндиги - 2020 боюнча жылдык отчетун жарыялады. Документке ылайык, Кыргызстан Интернет эркиндиги рейтингинде бир жыл ичинде беш, акыркы беш жылда тогуз пунктка төмөндөдү.

"Пандемиянын санариптик көлөкөсү" деп аталган докладда дүйнө жүзүндөгү өкмөттөр глобалдык пандемияны маалымат агымына көзөмөлдү күчөтүү мүмкүнчүлүгү катары колдонуп, Интернет эркиндигинин он жылдан берки төмөндөшүн тездетип жатканы айтылат.

Билдирүүгө ылайык, глобалдык интернет эркиндиги 10-жыл катары менен төмөндөдү. Эң чоң төмөндөө Мьянма менен Кыргызстанда, андан кийин Индия, Эквадор жана Нигерияда болду.

Изилдөөнүн авторлору белгилегендей, Кыргызстандын рейтингинин төмөндөшүнө бир катар окуялар таасир эткен.

Изилдөөнүн жыйынтыгына экс-президент Алмазбек Атамбаевдин камакка алынышы таасир этип, натыйжада Интернеттин жергиликтүү өчүрүлүшүнө алып келген. Ошол эле учурда, көз карандысыз журналисттер тарабынан жарыяланган коррупция боюнча резонанстуу иликтөөгө бийлик тарабынан көңүл бурулган жок. Тергөөнүн жүрүшүндө бир нече журналисттер белгисиз бирөөлөр тарабынан оройлукка алынып, алардын веб-сайттары кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу (DDoS) чабуулдарына дуушар болушкан.

Өкмөттүн интернет-контентти цензуралоо мүмкүнчүлүгүн кыйла кеңейткен “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо дагы маанилүү ролду ойноду.

Freedom on the Net  дүйнөнүн 65 өлкөсүндө Интернет эркиндигине баа берет, бул дүйнөдөгү Интернет колдонуучулардын 87% түзөт.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.