Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 12-19 октябрь, 2020-ж.

21.10.2020 • 02:26

Кымбаттуу досум!

Бул аптада өзүң туурасында айтып берүүңдү өтүнөт элем: эмне менен алектенесиң, эмнеге кызыгасың, эмне түйшөлтөт. Бул суроолорго жооп бери, өз постуңду соцтармактарга жарыяла. А мен сенин постуңду техирээк табышым үчүн , хэештег койгонду унутпа: #qleverme. Келерки аптада эң мыкты пост менин дайжестимден орун алат. Ийгилик анда! 

Сен менин суроолордун үстүндө ойлонгончо, мен Борбор Азиядагы маанилүү жаңылыктарды айтып берейин. 

Билим берүү

Өзбекстандын ЖОЖдору жакынкы күндөрү салттуу окуу формасына кайтып келет. Өлкөнүн өкмөтү эмне үчүн мындай чечим кабыл алганы жатканын бул жерден окугула: https://nuz.uz/obschestvo/1175304-vuzy-mogut-vernutsya-k-tradiczionnoj-forme-obucheniya.html 

Code Generation программалоо мектеби жана Билим берүү Демилгелеринин Фонду 5-11-класстар үчүн спорттук программалоо боюнча Олимпиада өткөрөт. Олимпиадага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын 5-11-классынын окуучулары катыша алат. Кененирээк бул шилтемеден окугула: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20201014/tadzhikskie-shkolniki-mogut-prinyat-uchastie-v-central-asian-programming-olympiad-2020

Билим берүүнүн сапатын козөмолдөө боюнча мамлекеттик инспекция Өзбекстандын 57 ЖОЖун жана алардын филиалынын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгып, жогорку окуу жайлардын кезектеги Уулттук рейтингин түздү. Биринчи бешилтикке Өзбекстандын Улуттук Университети, Ташкент ирригация инженерлер жана айыл чарба механизация интитуту, Самарканд мамлекеттик университети, Ташкент маалымат технологиялар университети жана Ташкент агрардык университети кирди. Рейтинг туурасында кененирээк бул жерде: https://nuz.uz/sobytiya/1175336-sostavlen-naczionalnyj-rejting-vuzov-uzbekistana.html 

Социум

20-октябрдан тартып Кыргызстан менен Казакстандын жашы жете элек жарандары мамлекеттик чек арадан чет өлкөлүк паспорт менен гана өтө алышат. Чек арадан өтүү өтүүнүн жаңы эрежелери туурасында бул жерден окугула:  https://ru.sputnik.kg/society/20201015/1050073929/kyrgyzstan-kazahstan-granica-dokument-peresechenie.html

Казакстанда “Союз МС-17” ракетасы учурулду. Негизги экипаждын курамына Роскосмос космонавттары Сергей Рыжиков, Сергей Кудь-Сверчков жана астронавт NASA Кэтлин Рубинс кирди. Ракетаны учуруу боюнча кененирээк бул жерде:  https://www.zakon.kz/5043949-kak-zapustili-soyuz-ms-17-s-kosmodroma.html 

Пандемия

Дүйнөдөгү эң ири маалымат базасы болгон Numbeo  жарыялаган саламаттыкты сактоо деңгээли боюнча дүйнөлүк быйылкы рейтингде Казакстан 93 өлкөнүн ичинен 53-орунду ээлеген. Муну менен бирге Казакстанда КМШ чөлкөмүндө  саламаттыкты сактоо системасынын сапаты боюнча эң жогорку көрсөткүчкө ээ. Казакстандан көрсөткүчтөрү төмөн өлкөлөр Беларусь (59-орун), Россия (63-орун), Украина (78-орун) жана Азербайжан (91-орун). Кененирээк: https://www.zakon.kz/5044162-kazahstan-imeet-samyy-vysokiy-indeks.html 

Хужанд жогорку окуу жайында COVID-19дун баштапкы белгилерин жасалма интеллекттин жардамы менен аныкташат. Мындай иликтөөнү жасалма интеллект түзүү боюнча tajrupt.ai. борбору жүргүзүп жатат. Бул кантип иштейт? Кененирээк бул жерден окугула: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20201015/kak-tadzhikskii-student-iz-garvarda-pitaetsya-borotsya-s-pandemiei

Экология

Жашыл туризм жаатындагы ЕБ жана АКТЕД демилгелери Борбор Азиянын туруктуу өнугүшүнө өбөлгө болот. Жаңы инновациялык долбоор таза энергияны өздөштүрүү жана Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандагы тез өсүп келе жаткан туризм жаатында экологиялык таза практикаларды киргизүүгө багытталган. Кененирээк бул шилтемеде: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20201016/initsiativa-es-i-akted-v-sfere-zelenogo-turizma-sposobstvuet-ustoichivomu-protsvetaniyu-tsentralnoi-azii 

 

Биз менен болгонуң үчүн ыраазычылык билдирем!

Ийгиликтүү жана жигердүү апта болсун! 

Чыдамсыздык менен постуңду күтөм... 

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо корсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.