Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

5G колдоосу бар жаңы iPhone 12

16.10.2020 • 05:35

Apple компаниясы жылдык презентациясын өткөрүп, бешинчи муундагы (5G) мобилдик байланыш стандартын колдогон жаңы iPhone 12 линиясын сунуштады, бул тууралы BBC news билдирди.

Apple компаниянын башкы директору Тим Кук жарыялагандай, бул жаңы технологиялык доордун башталышы:

 "5G өндүрүмдүүлүктүн жаңы деңгээлдерин, видеонун агымынын жакшырышын, реалдуу убакытта интерактивдүүлүктүн жана башка көптөгөн нерселерди алып келет"

TJournal интернет басылмасынын маалыматы боюнча, жаңы iPhone орнотулган кутуча USB-C Lightning кабелин гана камтыйт, комплектинен кулакчын жана заряддоочу каражаты алынып салынган. Apple бул кадамды экологиялык себептерден жасады: компания 2030-жылга чейин “көмүртектин изин” нөлгө түшүрүүнү көздөп жатат.

  • Жаңы линия жаңы A14 Bionic процессору менен жабдылган, ал графика жана эсептөө жагынан "кээ бир башка смартфондорго" караганда 50% га чейин күчтүү.
  • Түзмөктөрдүн экрандары керамикалык каптоочу Ceramic Shield менен корголгон, ал смартфондордогу башка айнектерге караганда күчтүү. Өндүрүүчүлөрдүн айтымында, жаңы телефон тамчыларга төрт эсе туруктуу.
  • Суудан коргоо - 6 метрге чейин 30 мүнөткө чейин.
  • Бардык моделдер iPhone 11ден кичирээк: 11% жука, 15% кичирээк жана 16% жеңилирээк.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.