Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Кыргызстанда ала качууга каршы видео оюн иштелип чыкты

14.10.2020 • 09:09

Жаңы Чыгыштын маданиятын изилдөөгө арналган The Calvert Journal онлайн журналы кыргызстандык иштеп чыгуучулар тарабынан түзүлгөн видео оюн жөнүндө макала жарыялады.

“Жазгы Бишкек” - чыныгы окуяларга негизделген ала качууга каршы алгачкы интерактивдүү оюн. Оюндун сюжети ала качуунун айланасында курулган жана ал кыздарга укук тууралуу маалымат берүүнү көздөйт.

Башкы каарман курбусунун ала качуусунун күбөсү болуп калат. Оюнчу журналисттер, юристтер, укук коргоочулар жана психологдор тарабынан даярдалган белгилердин негизинде мындан ары эмне кылууну чечиши керек. Андан ары, кырдаал башкы каармандын чечимине жараша өнүгөт.

Белгилей кетүүчү нерсе, оюнчулар оюнга өз аттарын киргизип, башкы каарман болуп, өз аты менен ойной алышат.

Кыз өзүнүн атын жазганда, ал куткаруучу, супер аял болуу сезимине ээ болот. Эгерде ала качуу анын же жакындарынын жашоосуна тийсе, анда ал эмне кылуу керектигин билет жана өзүнүн эркин тандоо укугун коргой алат”, - оюндун авторлорунун бири болгон «Айкын багыт» Фондунун директору Мунара Бекназарова.

Оюндун негизги максаттарынын бири - ала-качууга болгон мамилени өзгөртүү - кыргыздын салты деп эсептегендерге, ала качуу бул кылмыш деп түшүндүрүү. Оюндун авторлорунун айтымында, тиркеме Борбор Азиянын жана Россиянын бардык курактагы колдонуучулары тарабынан жүктөлөт жана таң калыштуусу, оюнчулардын болжол менен 20 пайызы эркектер.

Колдонмонун пландаштырылган 11 бөлүмүнүн алтоосун Интернеттен таап алса болот, ал эми калган бешөө октябрь айында ишке кириши күтүлүүдө.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.