Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 5-12- октябрь, 2020-ж.

13.10.2020 • 08:23

Кымбаттуу досум!

Сен өзүң деле байкап атсаң керек, азыр баары тездик менен өзгөрүп, көз ирмегенге да жетишпей калып жатабыз. 

Бул апта Борбор Азия мамлекеттери үчүн абдан оор болду. Кыргызстанда парламенттик шайлоолор, Тажикстанда болсо президенттик шайлоолор өттү. Кыргызстандын БШКсы жарандардын нааразылыгынан кийин шайлоолордун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. 

Туура айтасың, кел саясатты тим коюп, башка жаңылыктар туурасында эле сөз кылалы: 

Билим берүү

Борбор Азияда пандемиянын айынан билим берүү жаатына келтирилген зыян келечекте 44 млрд. долларлык экономикалык чыгым алып келет, бул туурасында Дүйнөлүк Банктын жаңы докладында айтылган. Көңүл чөктүрө турган прогноз туурасында бул жерден окууга болот: https://informburo.kz/novosti/vsemirnyy-bank-v-stranah-centralnoy-azii-deti-mogut-nedopoluchit-znaniya-za-polnyy-uchebnyy-god-iz-za-pandemii-112253.html 

6-октябрдан тартып Кыргызстандын бардык окуучулары дистанттык окууга өтүштү. Аралыктан окуу канча убакытка созулаарын бул жерден окугула: https://24.kg/obschestvo/167815_vseh_shkolnikov_stranyi_otpravili_nadistantsionku/  

Пилоттук долбоордун алкагында Өзбекстанда 30 мектеп Oracle Academy онлайн платформасына кошулат. Америкалык компания менен ушундай макулдаштыкка жетишилди. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20201009/shkoli-uzbekistana-podklyuchat-k-platforme-oracle-academy

Социум

Казакстанда мамлекеттик кызматкерлерге туугандарын жумушка алууга тыюу салынды. Мамлекет башчысы эмне үчүн мындай чечим чыгарганын бул жерден окугула: 

https://www.zakon.kz/5042989-gossluzhashchim-v-kazahstane-zapretili.html 

Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы аткаруу кызматы 2 миңдей жаранды өлкөдөн чыгуу укугунан ажыратты. Расмий маалыматтар боюнча, бул адамдардын насыя же алимент боюнча карыздары бар. Алардын 130у жеке компаниялардын жетекчилери. Кененирээк: https://rus.ozodi.org/a/30881766.html 

Коронавирус жугузган бир да учур расмий түрдө каттала элек Түркмөнстандын региондорунда полиция көчөдө бет кап кийбеген адамдарды кармап айып салып жатканы туурасында маалымат тароодо. Көп учурларда адамдарды ошол жерден айып төлөөгө мажбурлап, бирок колдоруна эч кандай квитанция берилбегени айтылып жатат. Мындан тышкары, ар кандай себептер менен кармалган жарандарды пахта терүугө мажбурлап жатышат деп билдирилүүдө. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/30885686.html 

Адам укугу

Өзбекстанда аялдар укугун коргоо жана гендердик теңчиликти камсыздоо күчөтүлөт. Аялдар укугун бузгандарга кандай жазалар киргизилээри туурасында бул жерден окугула: https://uz.sputniknews.ru/society/20201006/15122795/V-Uzbekistane-usilyat-zaschitu-prav-zhenschin-i-obespechenie-gendernogo-ravenstva.html 

Пандемия

Казакстанда эпидемиянын күчөшүнө байланыштуу үч түрдүү сценарийди болжоп жатышат. Казакстанды бул кырдаал тиезелете алабы, бул жерден окугула: https://informburo.kz/novosti/coy-rasskazal-o-tryoh-vozmozhnyh-scenariyah-razvitiya-epidemii-covid-19-v-kazahstane-112283.html 

Биз менен болгонуңар үчүн чоң рахмат!

Ийгиликтүү жана жигердүү апта каалайм! 

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.