Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

"Мыкты медиа бурч" конкурсу

07.10.2020 • 10:33

Медиа маалыматтык сабаттуулукту жайылтууга салым кошкон демилгени жана мыкты Медиа бурчтарын колдоо максатында, «ММК Колдоо Борбору» Фонду Кыргызстандагы мектептер арасында жыл сайын өтүүчү “Мыкты медиа бурч” сынагынын башталышын жарыялады.

Бул сынак Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүк келишиминин алкагында, Кыргызстанда медиа маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуу максатында өткөрүлүп жатат.

Медиа бурчу - маалымат бурчу. Мындай бурчтар бардык мамлекеттик жана жеке мекемелерде, ооруканаларда, мектептерде, университеттерде көп колдонулат. Facebook, Instagram же Youtube каналындагы баракчалар медиа бурч катары кабыл алынат.

Сынчыл ой жүгүртүү Медиа бурчтарынын материалдарынын негизги темаларынын бири. Коронавирус пандемиясынын жана өлкөдөгү учурдагы кырдаалдын контекстинде маалымат каражаттарында социалдык тармактарда ишенимсиз, текшерилбеген, кээде ачыктан-ачык жалган маалыматтар көп кездешет, ошондуктан алынган маалыматтарга сын көз менен карап, ишенимдүү булактардан алуу маанилүү.

Сынактын шарттары жана тандоо критерийлери жөнүндө кененирээк маалыматты МедиаСабак сайтынан таба аласыз.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.