Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайджест: 28-сентябрь – 5-октябрь, 2020-ж.

06.10.2020 • 05:57

Кымбаттуу досум!

Мугалимдериңди кесиптик майрамы менен куттуктоону унутпа! Өзүңдүн алгачкы устаттарыңды сыйла, баала жана сүй! Алар ден соолукта болуп, ийгиликтин үстүндө жүрүшсүн жана чыдамдуу болушсун!

Эми болсо адаттагыдай эле бул аптада Борбор Азияда эмне жаңылыктар болгону туурасында айтылат.

Билим берүү

Казакстанда педагогикалык адистикте окуп жаткан студенттер жогорулатылган стипендия ала башташты. Мындай чара келечектеги педагогдорду колдоо максатында көрүлүүдө. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/glava-mon-studenty-pedagogi-nachali-poluchat-povyshennuyu-stipendiyu.html

Өзбекстанда онлайн-мектептерде окуган балдардын ата-энелерин аралыктан окууга зарыл болгон шарттарды тузүп берүүгө мажбурлап жатышат – Интернет байланышы менен камсыз кылуу, компьютер же уюлдук телефон алып берүү. Бул сегиз мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынган чечимде айтылган. Ата-энелердин жоопкерчилиги туурасында кененирээк бул жерден окугула:  https://rus.ozodlik.org/a/30856424.html

Казакстанда мектеп окуучулар аба ырайына байланыштуу оффлайн сабактар алынган күндөрү аралыктан окууну уланта беришет. Мындай сунушту өлкө депутаттары киргизишти. Казакстандын билим берүү жаатында дагы кандай өзгөрүүлөр болоору туурасында бул жерден окугула: https://informburo.kz/novosti/v-kazahstane-shkolniki-budut-uchitsya-distancionno-pri-otmene-zanyatiy-iz-za-plohoy-pogody.html

Социум

Кыргызстанда ушул аптада парламенттик шайлоолор өттү. Агв 16 партиядан талапкерлер катышышты. Шайлоолор туурасында кененирээк бул жерде: https://rus.azattyk.org/a/30874425.html

1-октябрдан баштап Өзбекстанга аба каттамдары, темир жол жана автомобилдик пункттар аркылуу “бардык карантиндик жана санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу” менен келүүгө уруксат берилди. Жумшартылган жаңы карантиндик талаптар туурасында бул жерде: https://rus.ozodi.org/a/30868599.html

Европа Биримдиги Өзбекстанда крорнавируска каршы чукул чараларды колдоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууга 2 миллион евродон ашуун каражат бөлдү. Долбоор Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өлкө кеңсеси тарабынан ишке ашырылат жана биринчи кезекте оорулуулар менен түздүн-түз байланышта болгон медицина кызматкерлерин коргоочу каражаттар менен камсыздоого багытталат. Жаңы долбоор туурасында кененирээк бул жерден окугула: https://nuz.uz/obschestvo/1173615-zapret-na-ispolzovanie-golubogo-czveta-v-uzbekistane-okazalsya-fejkom.html

Маданият

Будапештте Кыргызстандык делегациянын катышуусунда дүйнөгө белгилүү жазуучу Чынгыз Айматовдун ысымын скверге ыйгаруу боюнча салтанат өтөт. Бишкек менен Будапешттин маданий алакалары туурасында бул жерден билүүгө болот: https://rus.azattyk.org/a/kyrgyzstan_aitmatov_budapest/30863664.html

 Махмуджон Вохидов атындагы тажик мамлекеттик жаштар театры жыл сайын АКШда Нью-Жерси шаарында өтө турган Voices-2020 экинчи фестивалына катышат. Тажик театры бул фестивалга биринчи жолу катышууда. Фестиваль 15-октябрдан 25-октябрь аралыгында өтөт жана онлайн чагылдырылып турат. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/life/culture/20200930/teatr-im-vohidova-primet-uchastie-v-teatralnom-festivale-voices-2020

IT

Түркмөн президенти ата мекендик самртфондорго ысым берди жана бюджеттик кызматкерлери аларды сатып алууну буюрду. Түркмөн телефондору жана өлкөдөгү технологиялардын өнүгушү туурасында бул жерден окугула: https://rus.azathabar.com/a/30874092.html

Кастык тили

Бишкекте аймактар аралык кастыкты тутундарып жана күч менен бийликти басып алууга чакырган деп беш адам кармалды. КРнын ИИМнин маалыматы боюнча, 30-сентябрда Интернетте белгисиз адамдардын коомдук тартипти бузуу жана күч менен бийликти басып алууну пландап жаткан видеосу тараган. Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы сотко чейинки өндүруштү баштаган. Материалдар КРнын кылмыш кодексинин “Расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты жаратуу” жөнүндөгү 313-беренеси боюнча бирдиктүү реестерге каттоого алынды. Кененирээк: https://24.kg/proisshestvija/167013_razjiganie_mejregionalnoy_vrajdyi_zaderjanyi_lideryi_obschestvennogo_obyedineniya/

Жалган маалымат таркатуу

Социалдык тармактарда жана Telegram мессенжеринде Ташкент элдик депутаттар Кеңеши (Өзбекстан) тарабынан гомосексуализмге каршы күрөштүн алкагында борбор калаада көгүлтүр түс пайдаланууга тыюу салуу боюнча чечим кабыл алганы жөнүндө маалымат тараган. Бул маалымат фейк болуп чыкты.  Кененирээк: https://nuz.uz/obschestvo/1173615-zapret-na-ispolzovanie-golubogo-czveta-v-uzbekistane-okazalsya-fejkom.html

 

Биз менен болгонуң үчун рахмат!

Жигердүү жана ийгиликтүү апта болсун!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.