Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

АКШ кыргызстандыктар үчүн студенттик виза мөөнөтүн чектеши мүмкүн

30.09.2020 • 09:22

АКШнын Ички коопсуздук министрлиги (DHS) Кыргызстандын жарандары үчүн студенттик виза берүүдө жаңы чектөөлөрдү сунуштады. Бул тууралуу Kaktus.Media  маалымат порталы билдирди.

Америкалык Иммиграция Кеңешинин саясат боюнча кеңешчиси Аарон Рейклин-Мельниктин өзүнүн Twitter баракчасында билдиргендей, жаңы эрежелерге ылайык, Кыргызстандын жана башка бир нече  өлкөлөрдүн жарандарына студенттик виза алууга эки жылдан ашык мөөнөткө тыюу салынышы мүмкүн.

“DHSдин сунуш кылган жаңы эрежесине ылайык, эгер сиз ушул картадагы өлкөлөрдүн биринде төрөлсөңүз же жараны болсоңуз, анда АКШда төрт жылдык билим алууга тыюу салынат, анкени студенттик виза максимум эки жылга гана жарактуу болот.”, -  Аарон Рейклин-Миллер

Жаңы эрежелер таасир эте турган өлкөлөрдүн тизмесине Кыргызстан менен катар Сирия, Түндүк Корея, Ирак, Жакынкы Чыгыштын, Африканын жана башка аймактардын көптөгөн өлкөлөрү ​​кирди. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен бул тизмеге Өзбекстан, Түркмөнстан жана Молдова дагы кирет.

Эки жылдык визага ээ болгон студенттер окуусун аягына чыгаруу үчүн визаларын узартуу үчүн кайрыла алышат, Бирок, сөзсүз виза берилет эч ким кепилдик бербейт деп белгилейт Рейклин-Мельник. 

Жаңы демилге, тизмеге кирген өлкөлөрдөн келген жарандардын жана иммигранттардын АКШга виза мөөнөтү аяктагандан кийин, башкаларга караганда көбүрөөк калуусунан келип чыкты.

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.